Кызымды Түркияга кантип алып кетем?
Учурда Түркиядамын. Жакында сиңдим жаныма келет. 9 жаштагы кызымды ала келсин дегем. Ишеним катын апама жазгам. Эми апам сиңдиме ишеним кагазын бере алабы. Кызымдын атасы менен нике күбөлүгүбүз жок. Туулгандыгы туралуу күбөлүктө фамилиясы менде, атасынын уруксаты дагы керек болобу?
Нурислам Раимжанов
Юрист
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 205-беренесине ылайык ишеним кат башка адамга дагы бир ирет өткөрүлүп берилиши мүмкүн. Ал үчүн сиз апаңызга берген ишеним кагазыңызда апаңызга башкага өткөрүп берүүгө укук бергенсизби же жокпу тактап алыңыз. Эгер укук берилген болсо анда апаңыз ишеним катты алып нотариуска барып, сиңдиңизге өткөрүп бере алат. Кийинки маселе кызыңыздын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө атасынын аты деген жерге жолдошуңуздун аты жазыла берет. Бирок атасы деген графада атасынын аты жазылганбы? Жарандык ал-абалдын актыларын каттоо бөлүмүнөн атасы экендигин аныктаган күбөлүк берилгенби? Эгерде жазылып жана берилген болсо, анда атасынын уруксаты жазылган ишеним кат сөзсүз керек. Ошондой эле кызыңызды Түркияга алып кетүү үчүн Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылып, чет жакага чыгуучу паспорт жасатуу зарыл экенин эске алыңыз.