// //

Бетимдеги тактар көбөйүп кетти

2018.03.16, 15:14
2450

Бетимде көп убакыттан бери сары, күрөң түстүү тактарым көп. Жаз айларында абдан көбөйүп кетет. Мындан тышкары бетим кызыл. Суукта, ысыкта жана өзүмдү эмоцияга алдырганда аябай кызарам. Кимге кайрылам жана бул абалдан арылса болобу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.03.2018, 15:16

Надира Бейшеева

косметолог

Сепкил — тегерек же сүйрү формадагы ачык сарыдан, кочкул күрөң түстөгү пигменттүү тактар. Демек сиздин бетиңизде сепкил бар. Сепкил адатта жаз — жай мезгилинде көбөйүп, айрым учурда биригип жайылып да кетет. Ал эми бетиңиздин кызарып турушу купероздон. Купероз - бул бет терисинин үстүнкү катмарындагы кандын айланышында көйгөй жаралганда пайда болот. Сиз бул эки көйгөй менен тең жабыркап жаткан окшойсуз. Редакция менен байланышып, менин телефон номеримди алыңыз. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт