Сүйлөшкөн кызым феминист
Сүйлөшкөн кызым феминист, мен исламистмин. Баш кошсок бактылуу боло алабызбы?
Улан усупов
теолог
Баш кошуп бактылуу болуш үчүн сен феминист же ал Исламды бекем карманган мусулман болушу керек го. Бирок, акырындап көз карашы, Ислам жөнүндөгү пикири өзгөрө турган болсо, башкача айтканда сен ага эмес, ал сага ылайыкташа турган болсо бактылуу болуп кетишиңер мүмкүн. Аны убакыт көрсөтөт. Бирок, мындай жол оор жана татаал демекчимин. Анткени, азыр эле талаш-тартышыңар көп, үй-бүлө курганда ал токтоп же чечилип калбайт да. Негизи, ыймандуу, адеп-ахлагы жакшы, ошондой эле аялдын укугу менен эркектин укугун тең салмактай билген, айкалыштыра билген, укуктан сырткары милдеттерди да билген билимдүү кызга үйлөнсөң бактылуу болосуң демекчимин.