Чоочун адам тынчымды алды
Мага бир киши "Иштеп жатасыңбы, номериңерди сайттан алдым"-деп чалды. Билишимче чоочун адамдар менин номеримди интимдик кызмат көрсөткөн сайтка киргизип койсо керек. Кайра ал кишиге чалып кайсы сайт деп сурайын десем, ал маалда ачууланып номерин өчүрүп салган элем. Эмне кылсам болот?
Нурислам Раимжанов
Юрист
Бир чалуу менен гана божомолдоого болбойт. Эгерде кайра-кайра чалып, тынчыңызды алып жатышса милицияга кайрыласыз. Бул биринчиден. Экинчиден сиз сайтка киргизип коюушу мүмкүн деп жатасыз. Эгерде ал кайсы сайт экенин так билсеңиз, номериңиз турганын көрсөңүз, сайтта номериңиз тургандыгын далилдөө максатында нотариуска барасыз. Алар сизге күбөлөндөрүп берет. Далилди алып милицияга кайрылып, окуяны толук түшүндүрүп берсеңиз, тиешелүү чаралар көрүлөт.