Чачымды ак басып кетти
2018.03.15, 13:32
961
Мен 20 жаштамын. 7-класстан баштап чачымды ак баса баштады. Ай сайын боегонго туура келет. Эмне кылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
15.03.2018, 13:33
Чынара Балтабаева
Терапевт
Чачыңызды ак басып кетүүнүн себебине вирустук оорулар, бөйрөк, жүрөк же болбосо боор оорулары тийиштүү болушу мүмкүн. Витаминдердин жетишсиздиги, стресс, диета кармоо, горманалдык бузулуу, туура эмес тамактануу дагы чачты агартат. Мүмкүн сиздин ата-энеңиздин чачы бат агаргандыр. Себеби чач агаруу тукум кууйт. Эч качан ак чачыңызды жулбаңыз, чачыңыз толук агарып калат. Акырын гана түбүнөн кесип койсоңуз болот. Канчалык көп боесоңуз, чачыңыздын курмамы бузула берет. Сиз алгач дарыгерге кайрылып, анализдериңизди тапшырыңыз. Жыйынтыгына карата дарылоо курсунан өтсөңүз, чач агарууңуз басаңдайт.
0
Пайдалуу жооп