Жүрөк оорумду кантип билдирем?
2018.03.14, 16:54
1418
Азыркы учурда менин жүрөгүм ооруйт, ата-энеме айтсам ишенбейт. “Эркелеп жатасың” деп гана кутулушат. Акыркы убактарда бул оору көп кармачу болду, эмне кылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.03.2018, 10:24
Айназик Кадыралиева
кардиолог
Жүрөк оору өспүрүмдөрдө сейрек кездешүүчү дарт. Алгач сизде тубаса жүрөк порогу барбы жокпу билип, анан аны жокко чыгаруу керек. Ал үчүн эхокардиография талап кылынат. Эгерде тубаса жүрөк оорусу жок чыкса, невропатологго кайрылууңуз керек. Сизди апаңыз уккусу келбесе мугалим эжейиңизге, башка туугандарыңызга айтыңыз. Апаңыздын көңүл бөлүшүн өтүнүп, токтоо, ачуулукка алдырбай, чоң адамдарча сүйлөшүүгө чакырыңыз.
0
Пайдалуу жооп