// //

Ашыкча салмактын азабын тартканыма 7 жыл болду

2018.03.14, 15:43
912

Мен ЖОЖдордун биринде биринчи курста окуйм. Ашыкча салмактын азабын 7 жылдан бери тартып келем. Көптөгөн диеталарга отурдум, бирок жыйынтыгы болбоду. Арыктатуучу каражаттарды алайын десем акчам жок. Жанымдагы досторум арык кыздар. Кантип арыктасам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
14.03.2018, 16:17

Гульнара Абдрахманова

Диетолог-эндокринолог

 

Салмактан арылуу үчүн диетага отурардан мурун сиз диетологго же эндокринологго кайрылып, анализдерди тапшырып, көрүнүңүз. Мүмкүн сиз гормоналдык оорулардын себебинен улам толуксуз. Салмактан арылтуучу кошулмаларды колдонуу бул чоң жаңылыштык. Аларды ичкенден кийин арыктайсың деп эч ким кепилдик бере албайт. Мындай тамактануудан боор, жүрөк, бөйрөк жана нерв системалары жабыркайт. Эгерде Бишкек шаарында болсоңуз редакциядан менин номеримди алып, көрүнүп кетсеңиз болот. Сизди текшербей туруп, мындай жолдор менен арыкта деп айтуу кыйын.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт