Көйгөйлүү безетки
Мен 16 жаштамын. Бетиме 7-8-класстан бери безетки чыгып кетпей жатат. Айыз келээрге жакын жок болуп кетет да, кайра эле быжырап көбөйүп калат. Бул эмнеден болот? Дарыканаларда кандай каражаттар болушу мүмкүн?
Айнура Сагынбаева
косметолог
Негизинен безетки 11-15 жаштан баштап чыга баштайт. Пайда болуу себеби көп. Биринчиден, ал генетикалык мүнөздө болот. Алсак, эгер өспүрүмдүн ата-энесинде бул нерсе болсо, оору тукум кууп балага өтөт. Ошондой эле, организмдеги мите курттардын кесепетинен, гормондордун туура эмес иштешинен келип чыгып, майлуу терилерде көп кездешет. Безетки чыкканда көп сары санаа болуп ойлонбош керек, себеби ал стресстен да көбөйө берет. Безеткиден арылуу, башкача айтканда дарылануу мөөнөтү 1 жылга чейин созулат. Безетки бир күндө айыгып кетүүчү оору эмес. Аны дарыласа же дарылабаса деле кетет, бирок дарыласа бат жана бетке так калтырбай айыгат. Эгер сиздин беттеги безеткилер өтө күчөп кеткен абалда болсо, косметологго кайрылганыңыз туура.