Бетимде калдар жайнайт
Менин бетиме кал өтө көп чыгып жатат. Биринчи кичинекей пигмент сыяктуу чыгат, андан кийин карайып көлөмү чоңоёт. Болжол менен бетимде 15 тей кал бар. Эмне кылсам болот?
Айзада Исраилова
косметолог
Бетке калдар тукум куучулук, кош бойлуулук, жыныстык жактан жетилүү, радиация, вирустук инфекция сыяктуу башка дагы ар түрдүү себептер менен пайда болот. Калдын түрлөрү дагы абдан көп. Хирургиялык, күйгүзүү ыкмалары, лазер жана электрокаогуляция жолу менен алып таштаса болот. Бирок бул 100 пайыз калдан арыласыз деген кепилдик эмес. Көп учурларда жыйынтыгы начар болуп, коркунучтуу шишиктердин пайда болуусуна жол ачат. Алгач сиз дарыгер косметологго же онкодермотологго барып текшерүүдөн өтүңүз. Эгер алар алдырууга мүмкүн десе ооруканага барып алдырсаңыз болот. Өз алдынча арылуу үчүн үй шартында эч кандай ыкмаларды колдонбоңуз. Ден соолугуңуз үчүн абдан кооптуу.