Жигитим мени кулдай көрүп, ур-соккуга алат
Саламатсыздырбы. Менин көйгөйүм төмөнкүчө. Мен 5 жылдан бери бир жигит менен сүйлөшөм. Бир күнү жыныстык катнашта болуп койдук. Бул менин чоң жаңылыштыгым экен. Ошол күндөн баштап тозок жашоо башталды. Мени коркутуп, зордуктап, кыйнап жыныстык катнашка барат. Жылаңач сүрөттөрүмдү жиберттирген. Болду сен менен сүйлөшпөйм десем, туугандарыңа, ата-энеңе баарын айтам,сүрөттөрдү көрсөтөм деп коркутат. Ушул убакка чейин чыдап келдим. Мени кулдай көрүп, ур-соккуга алат. Өзү каалаганын жасайт. Эмне кылаарымды билбей калдым. Сага үйлөнөм дейт. Бирок ал жигиттен көңүлүм калды. Эмне кылсам болот?
Нурислам Раимжанов
Юрист
Бүгүнкү күндө сиздин башыңыздан өткөн көйгөйүңүзгө бир гана сиздин жана жакындарыңыздын чечкиндүү кадамдары жардам бере алат. Эң негизгиси Кыргыз Республикасынын күч органдарына сөзсүз түрдө кайрылыңыз. Болбосо, окуяңыз өрчүп олтуруп кооптуу жыйынтыкка алып келиши мүмкүн. Сиз эч коркпостон жакындарыңызга баарын айтыңыз. Жашаган же окуя болгон жердеги милицияга зордуктоо боюнча арыз жазыңыз. Ак баракка болгон окуяны төгүп-чачпай ирээти менен түшүрүңүз. Эгерде мүмкүнчүлүгүңүз жок болсо юридикалык жардам алуу боюнча Юстиция министрлигине кайрылсаңыз, сизге бекер адвокат бөлүп беришет.