// //

Товар сатып алсам мөөнөтү өтүп кетиптир

2018.03.13, 12:37
957

 

Товар сатып алсам колдонуу мөөнөтү өтүп кетиптир. Кайра алып барсам алмаштырбай, акчасын дагы кайтарып бербей “билгениңди жаса” деп койду. Мен мыйзам түрүндө моралдык жана материалдык жактан компенсация төлөп берүү боюнча кайсы мекемеге кайрылсам туура болот? Сатуучунун жөн эле товарды алмаштырып же акчасын кайтарып эмес, мага ошондой мамиле жасап ачуулантып, убара кылганы үчүн мыйзам түрүндө жооп берүүсүн каалайм.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.03.2018, 13:00

Нурислам Раимжанов

Юрист

Сурооңузда бир канча маселелерди тактоо зарыл. Биринчи маселе сатып алган нерсеге чек алган белеңиз? Экинчиден чек алган болсоңуз ал бүгүнкү күндө сизде сакталуу бойдон турабы? Ошондой эле сиз материалдык жана моралдык жактан компенсация деп жатасыз. Материалдык түшүнүктүү, барган жол кире акысы, коротулган пайдасын канча деп баарын тактап, эсептеп чыгуу керек. Моралдык боюнча,товардан баш тартуу кылганда кандай зыянга учурадыңыз? Мүмкүн кан басымыңыз көтөрүлүп кетти, дарыгерге кайрылганыңыз туралуу маалымкатыңыз барбы же жокпу дегендей. Моралдык жана материлдык зыянды өндүрүү боюнча сот алып барылат. Ал үчүн сиз сотко доо арыз менен кайрыласыз. Арызда сатуучунун аты-жөнүн, дүкөндүн жайгашкан жери тууралуу толук маалымат бересиз. Эгер кайрылам, бирок мага жардам керек десеңиз, редакция аркылуу менин байланыш номеримди алсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт