"Каза намаз" кандай жолдор менен окулат?
Каза намаз деген барбы? Бул намаз окулабы жана кантип окулат?
Улан Усупов
теолог
Ооба, каза намаз деген бар. Өз убагында намаз окуу - адал деп аталса, жүйөлүү жана жүйөсүз ар кандай себептерден улам өз убагында окулбай калган намаз каза болгон болот. Каза болгон намазды көп убакыт өткөрбөй тезирээк окуп, Жараткан Алла Тааланын алдындагы милдетинен кутулууга ашыгуу абзел. Ошентип карызынан кутулат. Бирок, жүйөсүз себептерден улам, эригип-зеригип, атайылап эле окубай коюу - чоң күнөө. Андыктан, каза намаз окуу менен бирге тобо келтирип, Жараткандан кечирим суроо да шарт. Парз болгон намаздын казасы - парз, битир намаздын казасы - важип, ал эми сүннөт намаздын казасы - сүннөт болуп эсептелет. Өз убагында окуй албай калган багымдат намаздын сүннөтү да каза болот жана ал күн төбөгө келгенче гана каза кылып окулат. Ал парз намаздарынын казасы күн чыгып, күн төбөгө келген чак түштө жана күн батып бараткан шариятта макирөө деп эсептелген убакыттардан башка каалаган убакыт жана каалаган жерде окула берет. Демек, парз жана витир-важип намаздарынын казасы окулат. Алар канча ирекет болсо ашык-кеми жок ошончо ирекет түрүндө окулат. Алгач азан, андан соң коомат айтып, "Өз учурунда окуй албай калган багымдат (бешим, дигер, шам, куптан, витир-важип) намазынын казасын окууга ниет кылдым" деп каза намазын окуйт. Эгерде 6 убакыт намаздан көбүрөөк парз намаздары каза болгон болсо, "Өз убагында окуй албай калган алгачкы же болбосо акыркы каза намазымды окууга ниет кылдым" деп, баш жагынан же аяк жагынан баштап окуп олтуруп, акырындан баардык каза намаздарынан кутулушу зарыл. Эң жакшысы намаздарды каза кылбай өз убагында окуу.