Туруктуу жумушу жок болсо, ипотека берилеби?
Туруктуу жумушу жок, Москвада иштеген жарандар, күрөөгө эч нерсе койбой ипотекага үй алууга мүмкүнчүлүгү барбы?
Мамлекеттик ипотекалык компания
Азыркы учурда мамлекеттик ипотека бюджетте иштеген жарандарга гана берилет. Ошондой эле 2018-жылдын биринчи жарымынан тартып, Германия өнүктүрүү банкынын эсебинен бюджетте иштебегендерге дагы берүү маселеси каралып жатат. Болгону шарттары башкача болот. Алсак жылына 14 пайыз менен Бишкек жана Оштон башка региондорду өнүктүрүү үчүн берилет. Ошондой эле президент Сооронбай Жээнбеков январдан тартып Мамлекеттик ипотека компаниясы каалоочулардын баарына жылдык пайызы 8 болгон насыя берилээри тууралуу сөз кылып өттү. Бирок азырынча так маалымат жок.
Мамлекеттик ипотеканы төмөнкү талаптарга жооп берген жарандар гана ала алат:
- Курагы 21 жаштан жогору жана ипотекалык кредиттин акыркы суммасын төлөгөн учурда жашы 65ке чейинки.
- Жалпы эмгек стажы 3 жылдан кем эмес же иштеген жеринде иш стажы бир жылдан кем эмес болгондо.
- Катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында жеке турак жайы жок болсо.
- Катышуучуда 3 жылдын ичинде турак жайга байланыштуу жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу.
- Катышуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгү.