Бөйрөктөгү тузду кантип кетирем?
2018.03.12, 14:48
2324
21 жаштамын. УЗИге түшсөм бөйрөгүңдө туз бар экен деп диагноз койду. Кандай дарыларды ичсем болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.03.2018, 14:49
Мирлан Айбашов
Уролог-андролог
Бөйрөктө туздардын пайда болуу себептери ар кандай, өз алдынча дагы бир канча түргө бөлүнөт. Сиздин анализиңизди, туздун кандай түрү экенин билбей туруп дары жазып берүүгө болбойт. Туздар таза эмес суу ичүү, майлуу, таттуу азыктарды, кофени көп колдонуу, сүт менен чай ичүүдөн пайда болот. Туздун курамына, түрүнө жараша өз алдынча дарылоо үчүн диетага отуруп, жогорудагы тамактарды азыраак колдонуу керек. Ошондой эле урологго сөзсүз барып, дарылануу курсунан өтүңүз.
0
Пайдалуу жооп