AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Апама пачка акча берсем

Апама пачка акча берсем, «мунуң менен бул 5 нерсени сата албайсың» деп ыргытты

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Мен көөп кеттим. Көпкөндө дагы аябай көптүм. Мени акча бузду. Башыма келген дөөлөттү көтөрө албай калдым. Бир нерсеге жетпей жүрүп, анан жете баштасаң, мурда ээ боло албаган нерсеңдин баарын алганга аракет кылат экенсиң.

Айылга баргандан кача баштадым. Ал жакта жол жаман, машинам бузулат дедим. Ак көйнөгүм мал жыттанат дедим. Мен кафелерден эмес, ресторандардан тамак жейм дедим. Айтор, мени акча бузду.

Апам байкуш… Менин жүрүм-турумумду жактырбачу болду. Биринчи айлыгым 930 болчу. Ошону үйгө алып келсем, байкушум сүйүнүп, кошуналарга чейин айтып, күрүч алып, отко аш басып берди эле. Азыр андан миң эсе толтура акча берсем, баягыдай сүйүнбөйт. Пенсиясы жетерин айтып, албай дагы калды.

— Уулум, тиги досуң, Жумантай менен сүйлөшпөй калдыңбы?

— Жок, азыр менин чөйрөм башка. Ал айылдан чыкпаган бир байкуш…

— Кой балам, досту акчасына карап эмес, сага кылган сыйына карап тандайт. Ал экөөң чогуу мал кайтарып эле өспөдүңөрбү, бир тууганыңдай эле болуп калган балам… Сени сурап улам кабатыр болуп жатат…

— Ага мен эмес, акчам керек. Мына, могу акчаны берип коюңуз.

— Кой балам антпе, Жумантайдын көңүлүндө кири жок… Ай балам, ай, балам..

Айылга апама баргам. Чай ичип отуруп ушинтсе ызырынып чыгып кеттим. Шаарга, клубдарга, акчасы көп досторго жөнөдүм.

Мурда мындай сезим жок эле, менде жалгыздык пайда боло баштады. Ооба, толтура достор менен жүрөм, сулуу кызым бар, бирок мен көп жалгызсырачу болдум. Клубда жүрсөм, бийлеп жатсам деле, ичимде жалгыздык. Кыйнала баштадым. Мени менен эч кимдин иши жоктой. Иичмде эмне болуп жатат бирөөсү дагы сурабайт. Апамды сагындым. Айылга жөнөдүм.

Башым тизесинде. 

— Уулум, мен сени көп акча таппа дебейм. Тапсаң кайра жакшы, бирок сен акчага кул болуп баратасың. Адамгерчилигиңди жоготпо балам.  

— Кул дейсизби? Мына, могу акчага толтура нерсе, жок, бүт нерсени сатып алса болот. Караңчы, пачка акча, мына, алыңыз апа!

— Уулум, акчаңа тамак сатып аласың, бирок табитти эмес. Мыкты деген бейтапканаларды сатып аласың, бирок ден соолукту эмес. Көп адамдарды жаныңа чогулта аласың, бирок үй-бүлөңдү эмес. Дүйнөнүн сулуу кызына үйлөнө аласың, бирок сүйүүнү эмес. Алтындан саат сатып аласың, бирок убакытты эмес. 

Бир пачка акчаны ыргытып жиберди. Ошондо көзүм ачылды. 

Түн. Койлор маарап жатат. Ит үрүп жатат. 

— Ким бул?

— Жумантай мен… Акылсыз досуң келди…

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Атамдын ашында мал сойгон эмесмин, эми түшүмө кирип жатат. Эмне кылсам болот?

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Программалоо жөн гана тил

Программалоо жөн гана тил, андан коркпогула! Сейитбек Усмановдон кеңеш

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.