Студенттерибиз Индиядагы сынакта 2-орунду алды
2018-жылдын 23-25-мартында Индиянын Пуна шаарында өткөн Justice P. N. BhagwatiInternational Moot Court Competition 8-эл аралык адам укуктары сынагында Эл аралык Ала-Тоо университетинин юридика программасынын 3-курсунун студенттери 2-орунга ээ болушту. Сынакка жалпысынан АКШ, Улуу Британия, Маврикия, Кения, Непал, Сингапур сыяктуу өлкөлөрүнөн келген 33 команда катышты. Кыргызстандын атынан барган Тахмина Мурзакматова, Жоодар Асанбаев жана Адина Сабирова «Best Iconic Team" номинациясын жеңип, экинчи эл аралык мыкты команда аталды. Студенттерибиздин учак чыгымдарын Сорос Фонд колго алды. Белгилей кетсек, П. Н. Бхагвати атындагы эл аралык «Moot Court» жарышмасы 8-жылдан бери дүйнөдөгү адам укуктары тармагындагы эң сыйлуу конкурс болуп эсептелинип келет.