Күйөөм "мен үйлөнгөндө анан берем" деп талагымды бербей жатат
Мен жолдошум менен 5 жылдан бери жашабайм. Талак сурасам бербей жатат. "Мен үйлөнгөндө анан берем",-дейт. Чогуу жашап жүргөндө ар дайым төркүнүңө кет дей берчү. Эмне кылсам болот?
Бактияр Токтогазы уулу
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын фатва бөлүмүнүн адиси
Жашабайм, бирок талагыңды бербейм деп жатканына караганда, ал талактан кандайдыр бир түшүнүгү бар адам болушу мүмкүн. Бирок, өзү жашагысы келбегенден кийин, аялын дагы сый-урмат менен кое берип, башын бошотуп талагын бериши керек. Чогуу жашабагандан кийин талакты бербей коюу - бул күнөө.
Экинчи маселе, эгер ортолорунда ЗАГС боло турган болсо, ал аркылуу ажырашса болот. Карабайт, чогуу жашабайт, бакпайт - дегендердин негизинде сот ажырашуу чечимин чыгарса, талак катары ажырашты деп эсептесе болот. Такьтап айтканда, жубайлар экөө тең макул болуп, арыз жазып соттун чечими менен ажыраша турган болсо, шарият бул соттун чечимин ажырашуу деп эсептейт, талак айтуунун зарылчылыгы жок.
Ал адам жаңы үй-бүлө куруп алгандан кийин, башканы да сыйлаганды билиши керек. Эркек туугандары алдына барып, түшүндүрүп, туура эмес кылып жатканын айтуусу зарыл.