// //

Россияда жүрсөм, апам карап жаткан баланы күйөөм алып кетип калыптыр

2020.02.14, 15:02
956

Мен 23 жаштамын, 1 балам бар. Кайын журтум менен батыша албай, баламды алып, кетип калгам. Кийин апама калтырып, Россияга иштегени келгем. Эми күйөөм ажырашам деп арыз таштап, баланы апаман алып коюптур. Туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн, жана ЗАГСыбызды талап кылып жатат. Кандай чара колдонсом бала өзүмдө калат? Ал болгону бир жашта.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
14.02.2020, 15:03

Эркингүл Шаршенбекова

Адвокат

Урматтуу айым! Сиздин учурда Россия жергесинде иштеп жүргөнүңүз баланын биротоло атасына калып калуусуна шарт түзүп жатат. Колдон келсе, тез арада кайтып келип, баланы өзүңүзго алып, соттун чечими менен жашаган жерин аныктап алышыңыз керек. Болбосо, күйөөңүздүн да балага сиздей эле толук акысы, анын алдында милдети жана бала үчүн жоопкерчилиги бар.

Ажырашканга макул болсоңуз, нике күбөлүгун сотко алып барып, никени кырктырып, балага жана бала 3 жашка чыкканга чейин өзүңүзгө алимент өндүрүп алсаңыз болот. Төлөгөнгө каршы чыкса, аталык укуктан ажыратып коюуга толук акыңыз бар.

Ийгилик!

Адвокат Эркингүл Шаршенбекованы инстаграмдагы @advokat_kg_erkingul баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт