Кыйын энем, кайын атам, кайын сиңдилеримди көргүм келбейт
Кыйын энем, кайын атам, кайын сиңдилерим менен чогу жашайм. Төрөгөнүмө бир ай болду. Эч кимисин көргүм келбейт. Ичип-жеп туруп алып кетип калышат. Кыйкырып сүйлөшөт, мага эч нерсе дешпейт, бирок жактырбайм. Баары үйдө болгон күндө да тылтыйып олтура беришет. Же мен баарын өзүмө кабыл алып жатамбы билбейм. Кандай кеңеш бересиз?
Ширин Амантурова
психолог
Саламатсызбы урматтуу окурман!
Жакында гана көз жарсаңыз төрөттөн кийинки депрессияга (после родовая депрессия) туш болушуңуз мүмкүн. Жаңы гана төрөгөн сизге кол кабыш кылышса жеңилдик болмок эле. Төрөттөн кийин өзүнө келиш үчүн көп убакыт кетет, бул үй-бүлөдөн да көз каранды болот.
Жазгандарыңызга караганда жаңы келин болуп келген окшойсуз. Сиз барган бүлөөнүн жашоо образы сизге жакпагандай сезилип жатат.
Алардын калыптанып калган жашоо образын өзгөртө албайсыз. Болгону алардын жардамы керек болуп жатканын ачык айтсаңыз туура болот.
Убактыңызды кайын журтуңуздун көз карашына, алардын баскан турганына коротпой, жаңы төрөлгөн балаңызга, жолдошуңузга, эң негизгиси өзүңүзгө сарптаңыз.
Убакытыңызды үнөмдөп, көңүлүңүзгө жаккан иш менен алек болуп, алаксыңыз демекчимин.
Ийгилик!
Бул жерден төрөттөн кийинки депрессиядан чыгуу жолдорун окуй аласыз: https://bilesinbi.kg/article/155_Torotton_kiyinki_depressiiadan_chygyy_joldory/