“Айыл Банк” лизинге берген LOVOL тракторлорунун 5 артыкчылыгы
2019.11.22, 12:00
1535
Дыйкандар тарабынан лизингге алынган эң популярдуу айыл чарба техникаларынын бири – трактор. Бүгүн биз “Айыл Банктан” лизингге алууга мүмкүн болгон LOVOL үчүнчү муун тракторлорунун беш артыкчылыгын айтып беребиз.
Лизинг финансы каражаттарынын жетишсиз болгонуна карабастан, бизнеске керек болгон жабдууларды сатып алуу жана жаңыртуу мүмкүнчүлүгүн берет.
LOVOL тракторлорунун 5 артыкчылыгы:
- Машина толугу менен ишенимдүүлүгү жогору бекиткич (предохранитель), ысыкка чыдамдуу кыймылдаткыч зымдары, сууга туруктуу “разъем” жана “вилкалар” менен жабдууланган.
- LOVOL тракторлорунда май куюлуучу бактын көлөмү чоң, бул өз кезегинде иштөө мөөнөтүн узартат.
- Айдоочу кабинасынын дизайны жаңыртылып, кондиционер менен люк кошулган, ыңгайлуу жылдырылма кресло орнотулган жана жөнгө салынуучу руль дөңгөлөгү бар.
- LOVOL бастырма (навес) жабдууларынын ар кандай түрлөрүнө ыңгайлаша алат, мисалы, СССРде өндүрүлгөн түрлөрүнө да.
- Бул маркадагы тракторлор биздин өлкөнүн бардык аймактарында жана ар кандай шарттарда иштеп, тракторлор туруктуу ремонтту жана чыгымды талап кылат деген стереотиптерди жокко чыгарууда.
"Айыл Банк" ААК абдан жагымдуу шарттарда лизингге техника сатып алуу мүмкүнчүлүгүн сунуш кылат. Кенерээк билүү үчүн бул жерди басыңыз.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.