Үч талак айтып алгандар никени кантип жаңылатса болот?
Саламатсызбы! Үч талак берип ажырашкандар үчүн жарашууга үч жол бар деп уктук.
- Аялы башкага турмушка чыгып ажырашса.
- Аял менен эркек алтымыш күн орозо кармаса
- Алтымыш жесир аялга садака берсе.
Ушулар булар туурабы?
Бактияр Токтогазы уулу
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын Фатва бөлүмүнүн адиси
Саламатсызбы! Үч талак аял алган аял, кайра талак берген күйөөсүнө кайтып келүүсү өтө оор болот. Талак - бул жөнөкөй бир тамаша же ачууланганда айта турган сөз эмес. Чогуу жашоо таптакыр болбой калды, биз эми жарашпайбыз, акыркы чекит деген сөз. Жогорудагы айтылган үч мисал тең туура эмес маалымат. Ошондуктан үч талакты айтаардан мурун эркек, сурардан мурун аял жакшылап ойлонуусу керек. Адам ачууланганда баарын ошол замат чечип салгысы келет. Бирок, ачуусун баса билген адам туура бир чечим кабыл алалат.