Күйөөмдүн атында кредит бар. Жөлөкпул алсак болобу?
Саламатсызбы! Күйөөмдүн паспортунда кредити бар. Жөлөкпул алсак болобу? Насыянын жөлөкпулга тиешеси барбы?
Айкөл Турганбаева
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери
Саламатсызбы! “Үй-бүлөгө көмөк” мамлекеттик жөлөкпулу аз камсыз болгон, 16 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөрдүн балдарына берилет. Балдарга берилүүчү жөлөкпулдарды баланын өзүнө гана жумшоосу керек. Кредитти төлөө үчүн берилбейт.
“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулу үй-бүлөнүн кирешесин эске алуу менен чектелет. Кредитти банктан алууда, аны жабууда кирешелер көрсөтүлөт. Ошол кирешени дагы жөлөкпул алууда көрсөтүү зарыл.
Эгер ар бир үй-бүлө мүчөсүнө туура келген киреше, кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмүнөн төмөн болсо, тактап айтканда 900 сомдон төмөн болгон учурда жөлөкпул чектелет, жогору болсо чектелбейт.