Сулуу кыз жана чечкиндүү жигит тууралуу уламыш
Илгери-илгери бир айылда, ай-чырайлуу кыз жашаптыр. Анын сулуулугуна суктанбаган жигит калбайт. Бирок эч кимиси, жанына барып сөз айтууга даай албайт. Эч кимисинин колун сураганга эрки жетпейт.
Себеби айылда жашаган бир даанышман абышка:
- Кимдир бирөө бул кызды бетинен өпсө каза болот! – деген экен.
Ал абышканын эч качан жаңылбай турганын баардыгы билишчү. Ошондуктан сулуу кызга бир да жигит сезими тууралуу айткан эмес. Жактырып турса да, алыстан эле карап турушчу. Анткени ар бир адам үчүн өмүр таттуу.
Күндөрдүн биринде башка айылдан келген жигит ашынган сулуу кызды бир көрүп сүйүп калат. Эч кимди укпастан сезимдерин билдирип, бетинен өбөт.
Айылдагылардын бардыгы:
- Байкуш, куурады, өлөт эми! – деп, карап туруп калышат.
Бирок чечкиндүү жигит менен эч нерсе болбойт. Ал андан ары сулуу кыз менен сүйлөшүп тура берет. Эки жаш бирин –бири жактырып, экөөнүн ортосунда сүйүү сезими пайда болот. Жигит кыздын колун сурап, үйлөнөт.
Калган жигиттер таң калып, даанышманга барышат.
- Сиз айтпадыңыз беле, бул кызды бетинен өпкөн жигит каза болот деп!
- Ооба, мен ошентип айткам. Айткан сөзүмдү танбайм. Бирок, мен качан өлө турган күнүн айткан эмесмин. Бул жашоодо эч ким түбөлүктүү эмес. Качандыр бир күнү ал деле көз жумса керек – деген экен.
Уламыш resheto.net булагынан алынды.
Дагы кызыктуу окуяларды бул жактан окусуңыз болот:
Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм
Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт
Келин алгандан бери 20 жашка жашарган кайын эненин сыры