AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Жоголгон күйөөм тоюна камынып жүргөнүн билип чалкаман кеттим

Жоголгон күйөөм тоюна камынып жүргөнүн билип чалкаман кеттим

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Бирге түтүн булатып келатканыбызга кырк жыл болду. Аттиң, эмнелер гана баштан өтпөдү. Кээде дале чогуу жашап келатканыбызга ишене албай кетем. Кечээ эле мөлтүрөгөн жапжаш улан – кыз элек. Эми минтип, чачыбызды ак, бетибизди бырыш баскан чоң ата, чоң энебиз.

Бардык кыялдарым орундалды деп айткым келет, бирок, жүрөгүмдүн түпкүрүндө чаң баскан бир кыялым ишке ашпай калган.

Неберем мага жанагы инстаграм деген балекетти үйрөтүп койгон. Бош убактымда кирип, ар кимдин жашоосуна көз жүгүртөм. Күндөрдүн биринде үлпөт көйнөгүн саткан дүкөндүн баракчасы чыгып калды. Дароо кирдим. Мына, кыялымдагы аппак көйнөктөр, биринен-бири өткөн сулуу. Эх, тоюмда сөзсүз ак көйнөк кием дечү элем. Андай болбоду.

Абылгазы экөөбүз шашылып үйлөнгөнбүз. Ата-энебиз жашсыңар деп жакшы эле чырылдады. А сүйүү деген балекет бизди дүлөй кылып койгон. Сессиябыз бүтөөр замат, түнкү саат экиде Абылгазынын айылына жолго чыктык. Он чакты курсташтарыбыз коштоп алган. Кайын-журтума кабар жеткенине аз эле болуптур. Таң атпай кирип барсак, мал жаңы союлуп, боорсок ачытылып жаткан экен.

ЗАГСка ак көйнөк кийип чыгайын дегем, бирок эшикте эрте жаз, көчөлөр балчактап ылай. Айла жок маасы кепич менен чыктым. Анан да, үч саатка жоголгон Абылгазы ак көйнөк таппай койгонун айтып келген.

Ошондо, кыялымдын орундалбай калганын жоктоп башкача ыйлагам. Абылгазынын “сенин алдыңда күнөөлүмүн” дегени дале эсимде.

— Апа, силер атам экөөңөр үйлөндүңөр беле?

— Ооба, аны эмне сурап жатасың?

— Ак көйнөк кийген сүрөтүңүз жок дейм да.

— …

Балдарым кичинесинде эмнеге ак көйнөк кийген жоксуз деп сурап, жарама туз себишчү. Ар кандай шылтоолорду айтып кутулаар элем. Абылгазы бул темада сөз башталганда сыртка чыгып кетчү. 

Айылда турабыз. Абылгазы машинасына тетик алганы шаарга кеткен. Бүгүн келем деген боюнча жок. Эмне болду экен деп түнү менен уктабай чыктым. Телефону өчүк. Балдарыма чалсам, “достору менен майрамдап кетсе керек”,-деп, баары бейкапар. Эртең менен үйдөгү телефон шыңгырады.

— Алло, Абылгазы Жусуевдин үйүбү? (аялдын үнү)

— Ооба, сиз кимсиз?

— Шаардык ЗАГС бөлүмүнөн чалып жатам, Абылгазы Жусуев бүгүн саат үчкө тоюн белгилеген, эскертип коелу дегенбиз.

— Йа, эмне дейт?

— Саламатта калыңыз!

Балдарыбыздын баары үйлөнүп-жайланган. Эмне болгон той? Тамашалап жатышабы? Абылгазынын телефону дале өчүк. Ачуум менен шаарга жөнөдүм. Такси ЗАГСка келип токтоду. Көргөн көзүмө ишенген жокмун. Абылгазы костюм шымчан, колуна гүл кармап турат.

Машинадан түшүп баратып бутумда шлепка экенин байкадым. Үйдөн чыгып жатканда шашып, бут кийимди алмаштырбай калыптырмын.

Абылгазы мени күлүп карап турат. А мен муштумумду түйүп басып баратам. Жетейин деп калганда, кайдан-жайдан шарик, гүл көтөргөн балдарым пайда боло калды. Баары бутумду карап күлүп жатышты. Абылгазы жаныма басып келип:

— Майрам, бүгүн биздин баш кошконубузга кырк жыл болду. Ушул күнү сен ак көйнөк кийип ЗАГСка чыкмаксың. Бирок, андай болбой калган. Билесиңби, сени алып жатканда кыялдарыңды орундатам деп сөз бергем. Майрам, кеч болсо да, кыялдар орундалышы керек.

— Мммен, мен эч нерсе түшүнгөн жокмун.

— Баарын азыр түшүнөсүң, — деп, кыздарыма баш ийкеди. Алар кыялымдагы ак көйнөктү алып чыгышты. Мына сага сюрприз!

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Аялыма балдарга деп алимент берсем, өзүнө пальто сатып алыптыр

Туура эмес сүйлөп алып аялыман айрылдым

Кайын эжеме жоолук берсем, «муну өлгөнгө да алып барбайт» деп ыргытып салды

Келин алгандан бери 20 жашка жашарган кайын эненин сыры

Эт жеш үчүн барасың деп, күйөөм тойго жибербейт

Тойдон тайкем жилигин жоготуп алып ызы-чуу салды

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Бир жериңизди күйгүзгөндө тиш пастасын сүйкөбөңүз! Дарыгер кеңеш берет

Бир жериңизди күйгүзгөндө тиш пастасын сүйкөбөңүз! Дарыгер кеңеш берет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.