AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Жаңы үйлөнгөн байкем "аялыма акыл айтпагыла деди"

Жаңы үйлөнгөн байкем «аялыма акыл айтпагыла деди»

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш күйөөнүн катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Жеңем сулуу экен. Бою узун, көздөрү күрөң, чачы башкача тармал экен. Көшөгөгө мени отургузуп коюшкан. Жаш балдар оюнга алаксып улам эле сыртка чыгып кетет.

— Апа, койчу, чоң кыз болуп алып мен отурамбы?

— Тим эле муну кара, башымды оорутпачы, 11-класс элесиң, эч нерсе болбойт. 

— Апааа…

— Бар, бар. Жеңеңе шорпо ала кир.

Менден уялып отурду. Анан божурап ар нерсени сүйлөп баштадым. Коңшу класстын сулуу жигиттерин айтып бердим. Аркаман бирөөсү чуркап жүргөнүн кошумчаладым. Айтор, ачык сүйлөгөн жаным эч нерсени жашырбадым. Жеңем дагы ачылып кирди. Байкемдин жоруктарын айтып боорумду эзди. 

Кыштын суук күнүндө бир шаардан экинчи шаарга кетип бараткан байкемди көргөн апам «аа балам, катуу сүйүп калыптыр» деп шыбыраганы эсимде. Бизге жумуш боюнча деп чыгып бараткан. 

— Апа, жумушуна кеткен жокпу?

— Кайдагы жумуш, көздөрү жайнап кетти, уулум сүйүп калыптыр. 

— Анан эмне үйлөнөбү?

— Ай кыз, башымды оорутпачы, жүр чай ичели. 

Апам ар дайым ашыкча суроо берип тажата баштасам «башымды оорутпа» деп кутулат. Бирок, келиндүү болом деп апам дагы башкача бактылуу.

Дасторкон жайылып коноктор келе баштады. Келгендердин баары эле чай куюп жаткан жеңеме «апаңды сыйла», «күйөөңдү сыйла», «кайын-журтунду сыйла», чай берип, батасын ал», «күйөөңдү бактылуу кыл» ж.б деп жатышты. Оюмда, эмне үчүн жеңеме эле акыл айтып жатышат деп отургам. Оюмду байкем ачыкка чыгарды. 

«Урматтуу туугандар, ата-энемди сыйлап, мени сыйлап жакшылыгыма келип бергениңерге чоң рахмат. Бирок, мен силердин каалоо-тилектериңер менен макул эмесмин. Келинчегиме эле акыл айтып жатасыңар, а магачы? Мен ошондо аялымды, анын үй-бүлөсүн сыйлабай эле жүрө беришим керекпи? Мага дагы акыл айткыла, мага дагы эмне кылышты айткыла.»

Баары унчукпай отуруп калды. Ошондо Жакыш деген сонун тайкем бар, ошол ордунан тура калып, эки колун жайып «бири-бириңерди сыйлап жашагыла, сен аялыңды сыйла, сен күйөөңдү» деп батасын бере салды. Байкем рахмат айтты. Анан баары «Молодец» Жакы» деп жатып калышты. 

Байкем менен ошондо аябай сыймыктандым. Чынында эле, баары эле келинге акыл айтышат. Менимче байкем айткандай болуш керек. Байкемди күлүп карап турсам, мага көзүн кысып койду. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Аялым апама бакырып жатса унчукпай карап турдум

Аялым каза болгондон кийин эч ким эмес экенимди түшүндүм

Кайын энем “жеңеңер кызматчыңар эмес” деп мени коргоп балдарын урушат

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

17 ноября, 2025
3.2k

Коммуникация - адамдын жашоосунун бардык тармактарынын негизи болуп саналат. Заманбап дүйнөдө "коммуникация" түшүнүгү ар кандай чечмеленет, бирок акыр-аягы барып бул адамдардын ортосундагы маалымат алмашуу процесси экенине алып келет. Психолог Елена...

Кийинки макала
Балдарымдын ыйынан

Балдарымдын ыйынан, көр тириликтен тажадым. Эмне кылсам болот?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.