AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Уулума "кыз эмес экен" деп сүйгөнүн алып бербегениме өкүнөм

Уулума «кыз эмес экен» деп сүйгөнүн алып бербегениме өкүнөм

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Уулум аябай өзгөрүп кетти. Мага мурдагыдай эле сый менен мамиле жасайт. Бирок, баары бир муздактык пайда болду. Ал муздактык башкача үшүтөт экен. Баарына өзүм күнөөлүүмүн. Аттиң, артка бара алсам кана.

Уулум абдан боорукер, акылдуу, жароокер жигит. Колунан келсе баарына жардам бергиси келет. Атасы экөөбүздү кыйнабай, бюджетке өз күчү менен өттү. Дем алыш күндөрү шаардан айылга келип мал-жанга кол кабыш кылат. Баарына жетишип жатканын көрүп кудуңдап сүйүнөт элем. 

Кошуналар, тааныштар кыздарын уулума бергиси келерин айтышчу. Куда болоу дегендер толтура. Ким элпек күйөө балалуу болгусу келбесин. Үйгө келсе түнгө дейре чөп жыйнап иштечү. Баары ага суктанып турушчу. 

«Уулуңа кызымды туура көрбөйсүң, көрөм балалсы бар бирөөгө үйлөнүп албасын!» Мага жакпаган бир тааныш аял ушинтти. Ачуум келип урушуп кеттим. Аттиң, уулум үйлөнөм дегенде ошол жамандын сөзүнө тирешкенимди кийин билдим.

Мурда турмушка чыккан кыз экен. Ала качып кеткен экен. Жашай албай ажырашып кетиптир. Баласы жок экен. Бирок, могу мээмдеги «Эл эмне дейт!» деген нерсе баарын бузду. Уулумдун сүйүүсүн бузду. 

— Апа, эмнеге улуу муун ушундайсыңар? Кыз эмес болсо эмне экен? Болбогон нерсени баалуулук кыласыңар. Мен үчүн бул маанилүү эмес, жакшы жашап кетсек болду да. Эмнеге апа? Апа, угуңузчу мени. Эмнеге бирөөнүн сөзүн, кур намысты бакыттан өйдө коесуңар? Эмнеге бирөөнүн жашоосуна кийлигишесиңер? Апа, үйгө алып келбе дедиңиз, сиз жоолук салып, батаңызды бербесеңиз, мен кантип жашайм? Апа? Апа жаман уулуң сүйүп калды, апа…

Уулум бөлмөсүндө бакырып ыйлап жатты. Мен өз бөлмөмдө ыйлап жаттым. Чуркап баргым келдим. Уулумду кучагыма кыскым келди. Баягы жамандын кур сөзү, мени токтотум алды. Мендей болбогула.

Уулум башкача. Андан бери бир жыл өттү. Баягыдай эле шаардан дем алыш күндөрү келип жарадм берет. Бирок, көп сүйлөбөйт. Кабагы бүркөө. Жан дүйнөсү канап жатканын сезип турам. Ошол күнгө кайра баргым келет. «Алып кел кызыңды, таанышайын, балам сүйсө кантип жок дейм, сен бактылуу болсоң болду уулум» деп айткым келет. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234
admin

admin

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

17 ноября, 2025
3.2k

Коммуникация - адамдын жашоосунун бардык тармактарынын негизи болуп саналат. Заманбап дүйнөдө "коммуникация" түшүнүгү ар кандай чечмеленет, бирок акыр-аягы барып бул адамдардын ортосундагы маалымат алмашуу процесси экенине алып келет. Психолог Елена...

Кийинки макала
27 жыл "балам жок дебей" жашаган күйөөмө рахмат

27 жыл "балам жок дебей" жашаган күйөөмө рахмат

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.