AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Уулдуу болоюн деп кыздарыма "Уулкан"

Уулдуу болоюн деп кыздарыма «Уулкан», «Уулкелсин» деп ат койгонума өкүнөм

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү.

“Өзүңөрдүн атыңар эркектики! Бар жоголгулачы! Апама айтам азыр!”. Үйдүн сыртында жүргөм. Кызымдын үнүн угуп дарбаза жакка бастым. Эшикти ачсам төрт-беш бала качып кетти. Кызым ыйлап алыптыр.

— Ким алар? Эч нерсе кылган жокпу?

— Жок!

— Анан эмне ыйлап жатасың! Сабагың бүттүбү, кир үйгө!

— Ата, эмнеге менин атым Уулкелсин? Мен Арууке болгум келет!

Эмне дешти билбей калдым. Кызымдан бул сөздү угууга даяр эмес элем. “Неме, неме” деген боюнча башымды тырмап туруп калдым. Кызым басып кетти.

— Күн сайын классташтары шылдыңдайт экен.

— Эжесине барып айт да.

— Эгер ат коюуда менин сунушума макул болсоң, булардын баары болбойт эле.

— Эми мен күнөөлүү болуп калдымбы?

— Кызың мектепке барбайм дейт. Бар, өзүң сүйлөш.

Мырзайым, Уулжан, Уулкан, Уулкелсин. Төрт кызым бар. Досторумун сөзүнө арданып, уулду болоюн деп ырым-жырымга ишенип, ушундай ат кое бергем. Кыздарымды чанганым үчүн өкүнөм.

Мендей акылсызга төрт акылдуу перини берген кудайыма ыраазымын. Уктап калсам үстүмө жаап коюшат. Оорусам шорпо бышырып беришет. Жакшы окушат. Баары күйүмдүү. Айтоор, мени сүйүнткөндөн башка эч нерсе кылышпайт. А мен мыкты ата боло албадым.

Дос-туугандардын сөзүнө кирип, “качан уул төрөп бересиң”, — деп аялымды көп жолу таарынттым. Үчүнчү ирет кыздуу болгондо төрөтканага барбай да койгом. Өзүмдүн кур намысымды ойлоп эң жакын адамдарымдын көңүлүн ооруттум. Эмне мынча акылсызмын!

— Кызым, мектепке барбайсыңбы?

— Ооба, алар мени ар дайым шылдыңдашат.

— Эртең эжең менен сүйлөшөм.

— Баары бир шылдыңдашат. Мектепке барбайм.

— Эжеңдер жакшынакай эле болуп барып жатпайбы.

— Аларды деле шылдыңдашат. Болгону сизге айтышпайт.

— Эмне дешет?

— Атаң сени жаман көрөт, эркек балалуу болгусу келгени үчүн атың ушундай…

— Калп айтышат! Мен сени баарынан жакшы көрөм. Атаң акылсыз эми акылына келди. Айтчы кызым, ким болгуң келет?

— Арууке.

— Анда атыңды Арууке кылып өзгөртөбүз.

— Ураа!

Бойтойгон колдору менен кучактап, бетимден өөп жатты. Мен канчалык бактылуу экенимди кеч түшүндүм.

Төртөөнү удаасынан төрөп, ден соолугунан ажыраган аялыма бир да жолу рахмат айткан эмесмин. Калп эле төшүмдү каккылай бердим. Ата деген үй-бүлөсүн коргойт. Мен үйүмө башкалардын ачуу сөздөрүн киргиздим. Эми өзгөрөм. Каталарымды оңдойм. Кыздарымдын көз жашын агызбайм. Эмне десеңер ошо дегиле. Мен кыздарыма татыктуу ата болом. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Мурунку жигитим күйөөңдү ташта, эки балаң менен өзүм багып алам дейт

Жигитим аялы экөөнө бала төрөп беришимди өтүндү

Баламды циркке алып баргандын ордуна, кир жууганым үчүн өкүнөм

Нике түндө күйөөм менин эмес апасынан койнунда уктады

Кайын энесине «апа» деп кайрылгысы келбеген кыздын баяны

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

17 ноября, 2025
3.2k

Коммуникация - адамдын жашоосунун бардык тармактарынын негизи болуп саналат. Заманбап дүйнөдө "коммуникация" түшүнүгү ар кандай чечмеленет, бирок акыр-аягы барып бул адамдардын ортосундагы маалымат алмашуу процесси экенине алып келет. Психолог Елена...

Кийинки макала
Эмне үчүн адамда үч же төрт эмчек болот? Кызыктуу 6 факт

Эмне үчүн адамда үч же төрт эмчек болот? Кызыктуу 6 факт

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.