AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Үй иштерин кайын энем жасайт

Үй иштерин кайын энем жасайт, мен КамАЗ айдаган келинмин

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Чынын айтайын, “вообще” үй иштерине жокмун. Тамак жасасам боппоз болуп калат, баламды жуунтсам көзүнө самын киргизип алам, үй шыпырсам чаңыскытам. От жаксам күйбөйт, бирок, кийим үтүктөсөм күйөт. Айтоор, бул меники эмес.

Жүк ташуучу КамАЗ айдап иштейм. Жумушум өзүмө абдан жагат. Менин сүйгөнүм  — жол. Жай музыка коюп алып, Төө-Ашуудан өткөн мага ырахат тартуулайт. Жолдошум менен дал ушу ашуу тааныштырган.

Күйөөм да “дальнобойщик”. Азыр экөөбүз бир фирмада иштейбиз, кезектешип жолго чыгабыз.

Рулга бир жума отурбай калсам, кадимкидей стресс болом. Ачуум кармап, айланамдагы адамдарга себепсиз асыла берем. Муну кайын энем жакшы билет, “барагой, жол күтүп калды”,- деп жумушума жөнөтөт.

Баламды баккан, тамак жасаган, кир жууган алтындай болгон кайын энем. Үй иштерине жок экенимди түшүнөт. Урушпайт.  “Ар ким колунан келген ишти аткарышы керек”, — дейт. КамАЗымды оңдоп жатсам, “суусадың го, балам”, — деп жарма алып келип берет.

Күйөөм экөөбүз акча эле тапканыбыз болбосо, баарын кайын энем бүтүрөт. Үч жаштагы балабыз да бизге окшоп унаага жакын. КамАЗдан түшкүсү келбейт, түн киргиче ичине отуруп алып ойнойт.

Кээде кайын энем эс алсын деп, баламды өзүм менен жумушума алып кетем. Тоскоол болбойт. Жолдон көзүн албай кете берет.

Айылдын келиндерин тааныбайм. Себеби көп учурда жолдо болом, жакшылык-жамандыкка кайын энем өзү барат. Жоолук салынбайм. Салынган күндө деле жарашпайт. Өзүмө ыңгайлуу, эркекче кийинип жүрөм. Базарга барып өзү шым сатып алат деп ойлобогула, аны да кайын энем алып келип берет. Бут жана кийим өлчөмдөрүмдү жакшы билет.

Атам убагында айдоочу болчу. Машинага болгон кызыгуу атаман өткөнүн билем. Апам менин кызга окшоп чоңоюшумду каалаган. Атамдын жанында тетиктерди сүртүп отурсам, урушуп, “кыздар менен ойноп кел”,- деп көчөгө куучу.  А мен огородду айланып, кайра атамын жанына келчүмүн.

Апам, “колуңан эч нерсе келбейт, турмушка чыксаң кантесиң”, — деп кейип калчу. 

Кудайга шүгүр, түшүнүктүү кайын энеге туш болдум. Сүйүктүү жумушум менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк берип, “келин деген мындай болуш керек” деген элдин сөзүнө кирбей, кандай болсом, ошондой кабыл алган кайын энеме ыраазымын. Баса, жакында кайын энемдин туулган күнү. Күйөөм экөөбүз кеңешип, Түркияга эс алууга жолдомо сатып алдык. Бул кайын энемдин кыялы. Сюрприз жасайлы деп жатабыз. Көп жашаңыз апа!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Баламды циркке алып баргандын ордуна, кир жууганым үчүн өкүнөм

Нике түндө күйөөм менин эмес апасынан койнунда уктады

Кайын энесине «апа» деп кайрылгысы келбеген кыздын баяны

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кирешесин көбөйтүүнү чечкендерге 4 кеңеш

Кирешесин көбөйтүүнү чечкендерге 4 кеңеш

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.