AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Өпкөм оорубаса атамдын ким экенин билбей жүрө бермекмин

Өпкөм оорубаса атамдын ким экенин билбей жүрө бермекмин

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет атасы менен мамилеси келишпей жүргөн жигиттин баянын жарыялайбыз. 

«Өмүрүмдө биринчи жолу атам менен ушунча көп убакыт өткөрдүм»

Атам экөөбүз окшошпуз: айтканыбыздан кайтпайбыз, көк бетпиз, өжөрбүз дегендей. Ошон үчүнбү, айтор, кыялыбыз такыр эле келишпейт.

Атама көз каранды болгум келбей, 17ге чыкканда шаарга кетип калдым. Жумуш таап, өз алдынча жашай баштадым. Көп өтпөй карындашым окууга тапшырганы келди. Аны жаныма алып, кем-карчысын толугу менен каржылап жүрдүм.

Карантин башталары менен катуу ооруп калдым. Айылга баргым келген жок. Билген дарыларымды ичип коюп үйдө жата бердим. Элестеткиле, 10 күн температурам түшпөй койду. Анын үстүнө 14 кг арыктап кеттим. Бул башкача оору экен.

Карындашыма эч кимге айтпа дегем, мени укпай ватсаптан ата-энеме жазып коюптур. Эртеси айылдан атам келип, дарыгерге алып жөнөдү. Өпкөмдүн оорусу күчөп кетиптир. Өз алдынча баса албай, жадакалса кашык кармаганга алым келбей калды. Операция жасала турган болду. Ошентип үч ай ооруканада жаттым.

Атам жаныман бир карыш жылган жок. Кенедей баланы баккандай эле бакты. Түнү менен кирпик какпай отурат. Онтолосом суу берет. Тердесем  кийимдеримди которот. Үстүмдү жылуулап жаап коет, ысыдым десем кайра ачат.

Өмүрүмдө биринчи жолу атам менен ушунча көп убакыт өткөрдүм. Себеби ар дайым жумушунан же башка иштеринен колу бошочу эмес. Анын үстүнө, “сендей кезимде мен көп нерсеге жетишкем”, “колуңдан эч нерсе келбейт”, “жалдырап телевизор эле карап отурасың”, “элдин балдарын карачы” ж.б. сыяктуу сөздөр менен  урушкан сайын, ортобуздагы дубал бийиктей берчү.  

Үч ай ичинде жаңыдан тааныштык. Жаныма отуруп алып балалык кезин, апам экөөнүн таанышканын, мен төрөлгөндө бир жума майрамдаганын айтып берди. Келечекке болгон пландарымды сурап, ойлору, идеялары менен бөлүштү.

Акыркы күндөрү тамашалашып, бири-бирибизге тийишип сүйлөп калдык.

Кетерине бир күн калганда, жаныма келип отуруп, бир топко чейин терезени карап турду. Бир нерсени айткысы келди, бирок эмнеден баштаарын билбей турганы сезилип жатты.

—          Жаку, мени кечирип кой. Чынында, балдарыма кыйратып деле ата болбоптурмун. Үй-бүлөмө, апаңарга, балдарыма убакыт бөлгөндүн ордуна жумуш менен достордун ортосунда эле жүрө бериптирмин. Шаарга келип өңүңдү көргөндө, сени жоготуп алам деп аябай корктум. Баарын эми гана түшүнүп жатам. Мен өзгөргөнгө аракет кылам. Уулум, кел экөөбүз баарын башынан баштайлы.

Сүйлөсөм ыйлап жибермекмин, акырын гана башымды ийкедим. Тезирээк айыгып атам экөөбүз пландаган нерселерди ишке ашырсам экен. Ата — бул таянар тоо деген ушу турбайбы! Мага анын колдоосу эле жетиштүү. Рахмат, ата! Аксап турган жеримен канат байлап бердиңиз. Мен сиздин үмүтүңүздү айктайм.

 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитимдин бул сөзү үчүн тоюбузду токтотуп, чакырууларды кайтарып алдык

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Мен шыбаган шыбак түшүп калды

Мен шыбаган шыбак түшүп калды, аялым шыбаган жер ошол бойдон турат

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.