AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Өгөй атам апамдын үйүнө кызыгып үйлөнгөн экенин кийин билдим

Өгөй атам апамдын үйүнө кызыгып үйлөнгөн экенин кийин билдим

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш жигит жөнөткөн баянды жарыялайбыз. Эскертүү, каармандардын аты өзгөртүлдү.

Кош апаке! Сага берген убадаларымды сөзсүз аткарам! Сен болгону тынч укта

Боз үйдө апамдын жаш кезиндеги сүрөтү илинип турат. Мынча сулуу… Аты жаман оору болбогондо ушул бойдон калмак. Эмнеге жакшы адамдар эрте кетет?

Атам төрт жашымда каза болуп калган. Чынын айтсам кандай адам экени деле эсимде жок. Сегизинчи класста окуп жүргөндө апам Аскат байке менен тааныштырды. Үйгө келсем экөө чай ичип мени күтүп отурушуптур. Саламдашпай бөлмөмө кирип кеттим.

Кечинде турмушка чыгарын айтты. Кызганып ыйладым. “Уулум сен менин эң жакын адамымсың. Сенин ордуңду эч ким баса албайт. Аскат жакшы адам, бат эле тил табышып кетесиңер. Кел, мени карап күлүп койчу. Кана, кана бетиңдин уячалары.” Кытыгылап кирди.

Аскат байке мурда ажырашкан, үч баласы бар адам экен.

Бир жыл өтпөй “ата” деп калдым. Баары бир атанын өз орду болот окшойт. Апама айта албаган сырларымды аны менен бөлүшө турган болдум. Кеңештерин берип, көйгөйлөрүм болсо чечип, ар тарабымдан колдой баштады. Экөөбүздүн тил табышканыбызды көргөн апам өзүнчө бактылуу.

Апамдын чакан дүкөнү бар болчу. Мага там салып берем деп күнү-түнү иштечү. Акыры жер алып чоң үй тургуздук. Документтерине келгенде мен университетке тапшырып, апам ооруп бошобой калдык. Ошондо Аскат байке убактылуу өзүнө каттатып турмай болду. Биз ага ишенгенбиз.

Апам оорудан кайтыш болду. Ал күндү эстегим дагы келбейт.

Сабактан келсем буюмдарым сыртта туруптур. Дарбазаны тыкылдаттым.

— Эмне жаап алдыңыз?

— Сен чоң эле баласың, жаман-жакшы айтышпай өз жолуң менен кет.

— Түшүнбөдүм.

— Аялым менен жараштым, эртең балдарым келет. Кыскасы, бул жерде ашыкчасың.

— Үй апамдыкы!

— Апаң жок!

Эшикти жаап кирип кетти. “Балаңды эч качан таштабайм! Камсанаба!”. Апама ушинтип убада берген.

Азыр менде баары сонун. Жумушум, сүйүктүү жубайым, үйүм бар. Болгону апам жок. Баса, кечээ апамдын эски курбусун көрдүм. Эже менен бир сыйра ыйлап алдык. Ошондо сөздөн-сөз чыгып отуруп ачуу чындыкты уктум.

— Дароо эле ооруң жөнүндө билеби дедим. Ошондо Аскат үчүн бул маанилүү эмес экенин айткан. Аскаты таанышканда эле жаккан жок. Жүрөгүм бир нерсени сезген. Апаң сыртка чыгып кеткенде, “баласына үй салам деп жүргөнү чынбы” деген. Ошондо маани берген эмесмин.

— Токтосоңуз, Аскат байке апамдын оорулуу экенин, аз өмүрү калганын билип үйлөндү беле?

— Ооба, апаң оорусун ойлонбосун деп сага айткан эмес, бирок башкалардын баары билчү. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Коронавирустан кийин жыт билүү сезимин кантип кайтарса болот? Жөнөкөй ыкма

Коронавирустан кийин жыт билүү сезимин кантип кайтарса болот? Жөнөкөй ыкма

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.