AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Салам Bilesinbi.kg! Менин силерге айта турган бир баяным бар. Жарыялап коесуңар деп үмүттөнөм. Анткени, жүз болбосо дагы он эркекке пайдасы тиет.

Мен жакшы көргөн тамакты жасап, атайылап тузун ашырып салат

Келинчегим менен түтүн булатып келатканыбызга он бир жыл болду. Төрт баланын ата-энесибиз. Элдин арты дагы, алды дагы эмеспиз. Кудайга шүгүр, дасторконубуздан нан, казаныбыздан эт үзүлбөйт.

Балдарым менен аялымдын сүйүктүү таттууларын алмайын үйгө барбайм. Дүкөнчү мени таанып деле бүткөн.

— Мага сникерс, баунти, чупачупс, аялыма алпенголд, анан, анан…

— Кичүү кызыңызга албени.

— Рахмат, эсимен чыгып кетпедиби.

Казан-аяк кагышпайт десем калп айтам. Келинчегим экөөбүз кез-кез таарынышып турабыз. Андай күндөрдө ага шоколад алып барбай коем. Ал болсо мен жакшы көргөн тамакты жасап, атайылап тузун ашырып салат. Сонун урушат бекенбиз? Жаман сөз айтып көңүл ооруткандан көрө, ушундай ыкманы туура көрдүк.

Жакында аялымдын мага көптөн берки таарынычы бар экенин билдим.

Аяштар менен шеринеде отурганбыз. Сөздөн-сөз чыгып «Ким кантип баш кошуп калган?» деген темага келдик. Досторумдун аялдары мактанып “күйөөм колумду минтип сураган” деп айтып киришти. Ошондо меники “а менин колумду сураган эмес” деди.

— Кантип сураган эмесмин? Сунуш киргизбедим беле?

— Сен тизелеп отуруп, гүл сунуп, колума шакек тагып макулдугумду сураган эмессиң.

Таң калып туруп калдым. Ушул убакка чейин колун сурагам деп ойлоп жүргөм. Ал аңгыча тема башкага бурулуп кетти.

Кыз-жигит болуп эки жыл сүйлөштүк. Келинчегимдин туулган күнүндө апам менен тааныштыргам. Эртеси жуучу жөнөтүп, ошентип баш кошуп калганбыз. Менин оюм боюнча апам менен тааныштырганым, колун сураганым болчу. 

Ошол күнү уктаган жокмун. Башка бирөө болсо, уруш чыгарып абалды курчутмак. А мен аялымды сүйөм, катамды оңдоп, анын кыялын орундатууну чечтим.

Биз жашаган аймакта сонун тоо бар. Ага чыксаң айылыбыз алаканга салып койгондой болуп көрүнөт. Ошол жерге кадимки кинолордой кылып эки кишиге стол даярдадым. Аялыма “саат алтыга даяр бол” деп смс жөнөттүм.

— Кайда эле алып баратасың?

— Шашпай тур.

— Бул тоого эмнеге чыгып баратабыз?

— Шашпай тур.

Жанатан бери чыдамы кетип бараткан аялым романтикалуу жасалгаланган дасторконду көрүп токтоп калды. Мен ошол маалда чөнтөгүмдөн шакекти алып чыгып, тизелеп отурдум.

— Мен сени сүйөм. Ушул убакка чейин жанымда болуп, төрт бала төрөп берип, ар дайым колдоп келгениңе рахмат. Билбей көңүлүңдү оорутуп же капа кылып алсам кечир. Алтыным, мындан ары дагы мени менен бирге жашоого макулсуңбу?

— Макулмун! Макулмун! Макулмун!

Көзүнүн жашын кармай албай мени катуу кучактап өпкүлөп кирди.

Мен бул окуядан кийин эч качан өзүмчүл болбош керек экенин түшүндүм. Айтайын дегеним, “романтик эмесмин” деп төш каккылай бербей, сүйүктүүңөрдүн көңүлүн алып, “нормальный” кылып колун сурап койгула. Биз буга көңул бурбаганыбыз менен, айымдарыбыз үчүн маанилүү экен.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Презерватив менен туура колдонуу эрежелери. Ар бир адам муну билиш керек

Презерватив менен туура колдонуу эрежелери. Ар бир адам муну билиш керек

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.