AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Менин окуям карындашы бар эркектерге сабак болот

Менин окуям карындашы бар эркектерге сабак болот

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир аганын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Үч бир туугандын улуусумун, иним менен карындашым бар. 33 жаштын тамагын жеп жатам. Кандай гана болбосун, бир туугандар ар дайым бири-бирин тиреп турушу керек деп ойлойм. Айрыкча, коомубуз мындай болуп жатканда, эже-карындаштарыбыз өзгөчө колдоого муктаж.

Карындашым бактылуу жашап жүрөт деп анчейин маани берген эмесмин. Үч баласы бар, күйөөсү иштейт, демек, баары сонун дегем. Колума талма оорусуна чалдыккан карындашым келип түшкөндө жаңылганымды билдим. Карындашым күйөөгө узатып жатканда, сулуу, алты саны аман кыз эле. Алтыным десе, азыр көздөрү муңдуу, коркок, өз оюн айта албаган, тартынчаак бирөөгө айланыптыр. Жок, бул мен билген карындашым эмес.

Күйөө баламдын корс, аялын түрдүү сөздөр менен жемелеп кордогонун билерим менен үйүнө барып, карындашымды капа кылбоосун сурандым. “Ооба, ооба”,-деп башын ийкегени менен сөзүнө турбады.

Бир күнү карындашым чалды.

— Байке, үйүңүзгө барсам болобу?

— Албетте, кел. Каалайсыңбы, машинам менен алып кетем.

— Ооба.

Трубканы коерум менен муштумумду бекем түйдүм. Карындашымдын үнү жүрөгүмдү ыйлатты. Үйүмө уруксат сурап анан келип жатканы ачуумду келтирди. “Сен үчүн эшигим ачык”,-деп бакыргым келди. Аттиң, анте албадым. Машинамды от алдырдым.

“Үйүнө кетем деп жатат, кете берсин!” Учурашкандын ордуна күйөө балам ушинтип тосуп алды. Эртең кайра экөө элдешип калса мамилебиз үзүлбөсүн деп сабырымды сактаганга аракет жасадым. Болбосо, дене тарбия академиясын бүтүргөм жана спорттун чеберимин.

Көп өтпөй күйөөсүнүн басырлоосунан улам гүлдөй карындашым талма оорусуна чалдыкты. Ошондо, карындашымды үйүмө алып келип, баарына чекит койдум.

Өзүмдүн дагы үч балам бар. Бир үйдө 13 адам туруп калдык. Жашырбайм, кыйын болду. Аны байкаган карындашымдын маанайы түшүп, өзү өскөн үйдүн төрүндө эмес бурчунда отурду. Ошондо аны кучактап мындай дедим: “Мен сенин бир тууганыңмын. Менден эч нерсе жашырба. Бул үй сенин дагы үйүң.”

Бир канча жыл бир бөлмөлүү батир алгам. Пландарым боюнча, иним үйлөнсө ошол жакка көчмөкмүн. Үйдөгүлөр менен кеңешип, ошону карындашыма белекке бердим.  Балдары менен эч тартынбай кенен жашасын дедим. Жумуш таап берип, ден соолугана кам көрө баштадым. Балдарына ата катары тарбия берип, жакшы мектепке киргиздим. Көп өтпөй карындашым ачыла баштады.

Билесиңерби, көп аялзаты эмне үчүн күйөөсүнүн кордугуна чыдап жүрө берет. Алар, кайда барарын билишпейт, өздөрү чоңойгон үйлөрүнө батпайбыз деп ойлошот. Аргасыз кызыл камчынын изине чыдаганга мажбур болушат. Эгер агалары, инилери, ата-энелери колдоо көрсөтсө бир күн ал тозокто турбайт болчу. Кантип өз бир тууганыңарды коргобойсуңар!

Бүгүнкү күндө карындашыма колуман келгенче жардам берем. Кыйын күндөрдө жалгыз эмес экенин сездирем. Анткени ал менин карындашым!

Баса, баягы батиримди карындашыма бергенден кийин акчам көбөйүп, өзүмө чоң үй сатып алдым. Алдына карындашыма жакшы 2 же 3 бөлмөлүү батир алып берүүнү пландап жатам.

Байкең сени жакшы көрөт, карындашым!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитимдин бул сөзү үчүн тоюбузду токтотуп, чакырууларды кайтарып алдык

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

17 ноября, 2025
3.2k

Коммуникация - адамдын жашоосунун бардык тармактарынын негизи болуп саналат. Заманбап дүйнөдө "коммуникация" түшүнүгү ар кандай чечмеленет, бирок акыр-аягы барып бул адамдардын ортосундагы маалымат алмашуу процесси экенине алып келет. Психолог Елена...

Кийинки макала
Сени өз максаттары үчүн пайдаланган адамды жашооңон чий. Дейл Карнегиден кеңеш

Сени өз максаттары үчүн пайдаланган адамды жашооңон чий. Дейл Карнегиден кеңеш

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.