AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Мен үчүн аялым бул ишке барганда

Мен үчүн аялым бул ишке барганда, ушунча мени катуу сүйөбү деп ыйладым

1 мая, 2022
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

«Жаным, ушунун баары керек беле? Мени дагы ушунча катуу сүйөсүңбү? Эмне кылайын? Эмне кылсам ооруң басылат? Суу ичесиңби? Конфет жейсиңби? Конфетпи, азыр алып келем.»

Бир түн. Болгону бир түн, аялыма болгон мамилемди толук өзгөрттү. Ар бир эркек аялы менен төрөткө кириши керек. Ошондо алардын көз карашы толугу менен өзгөрөт. 

Толгоосу эрте башталды. Дарыгер бир жумадан кийин деген. Ызы-чуу болуп жатып калдык. Апам менен атам келининин бутуна бут кийимин кийгизгиче, мен акылынан адашкан немедей, ары -бери баса бердим. Апам шлепкасын чечип, жонума бир чапты. Атам менен келинчегим каткырды. Ошондо эсиме келдим. Машинаны от алдырдым.

Аялыңдын кыйналганын көрүү мынча азап экенин билбегем. Арткы орунда онтоп баратса, бул жакта туруп алып мен жаман болдум. Төрөтканага жеттик. Апам дарыгерге чуркап кетти. Мен аялымды палатага жетеледим. Таштап кете албадым. Коркуп кирбейм деп жаткам, апам муштумун көрсөтүп «келинимди жалгыз таштап көргүн» деди эле, киришке мажбур болдум.

Жаным менин. Мени ушунча сүйөт экенин ошондо болдум. Мен үчүн ушул азапка барып жатат да. Өзүмдү коерге жер таппайм. Бакырса кошо бакырам, ыйласа кошо ыйлайм.  Тоону томкоруп жибергим келди. Аттиң, оорусун азайта албадым.

Кызыбыз туптуура он сааттан кийин ыңалады. Мына, биздин сүйүүбүздүн далили. Аялымдын мага болгон сүйүүсүнүн далили. Мен мындан ары аны капа кылганга, көңүлүн оорутканга акым жок. Сени катуу сүйгөн гана ушундай азапка бара алат. Муну ар бир эркек түшүнүп, коркпой, жалгыз таштабай төрөтканага кириши керек. 

Сыртка тердеп чыктым. Апам тосуп алды. «Ата болдуң уулум, эми сенден эки эсе жоопкерчилик бар, муну унутпа» деди. Апамды кучактап ыйлап кирдим. Бакыттын көз жашы. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Уулум өгөй атасы берген белекти ачып көрүп ыйлап кирди

Уулум өгөй атасы берген белекти ачып көрүп ыйлап кирди

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.