AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Мен шыбаган шыбак түшүп калды

Мен шыбаган шыбак түшүп калды, аялым шыбаган жер ошол бойдон турат

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет кыйын аялы бар күйөөнүн катын жарыялайбыз. 

«Дубалга бир мык кагыш үчүн он жерди тешип, төрт бармагымды жанчыйм»

Акыры аялым менден кыйын экенин моюнга алдым. Ар нерсени айтып намыстанып жүрдүм эле, шыбагым бетиме түшкөндө оозум жабылды.

— Ой, ата! Аял дагы розетка оңдой алмак беле? Эртең электрик эле чакырабыз.

— Ошо электрикке берген акчаңды мага бер.

— Кой, атылып кетип, өлүп калбайлы.

— Анда өзүң оңдо.

— Оңдойм эле. Кана алып кел отвертканы!

“Тарс!” колум капкара болуп, көзүм тостоюп калды. Аялым тиги жакта боору эзилип жатат. Уялганымдан сыртка чыгып кеттим. Колумду жууп келгиче, розетканы оңдоп, зарядкасын сайып коюптур. Ошондо дагы кыйындыгын мойнума алгым келбей, бултуңдап тамак ичпей жатып алдым.

Дубалга бир мык кагыш үчүн он жерди тешип, төрт бармагымды жанчыйм. Аялым балка менен бир урса эле мык өз ордун таап калат.

Баягы күнү столдун бир буту кыйшаңдап калыптыр. Оңдоп коен деп жатып такыр жарактан чыгарып койдум. Анын эмнесин айтасыңар, бир нерсе болсо кошуналар, туугандар мени эмес, аялымды чакырышат.

“Тиги келинимден сурачы, времянкага канча метр зым алалы?” Ата-энем мага чалып келинин сурашат. Кызганам. “Өзүнө чалгыла”,-деп бурк этип телефонду басып коем. Үйлөнгө чейин менден эле сурашчу, дароо сатып кетишти.

Баягы күнү катуу жаан жаады. Тамдын башынан суу кирип, уктоочу бөлмөдөгү потолоктун жарымы түшүп калды. Жумуштан келсем аялым «смесь» жасап алып шыбап жатыптыр. Кийимдеримди которбой, жеңимди түрүп алып мен да кириштим. “

— Ой, түшүп калат, мындай кылсаң.

— Өзүм билем! Сен өзүңдүн жарымыңды шыбай бер.

Кечинде бирөө бетке катуу чапкандай болду. Чочуп ойгондум. Бетимдин баары ылай. Мен шыбаган жер түшүп калыптыр.

“Сенин колуңдан келет!” Аялымдын кызыгуусун колдоп, аны андан ары өркүндөткөнгө жардам бере баштадым. Азыр төрт-беш адамдан турган чакан командасы бар. Ар кандай обьекттерге буйрутма алып иштешет. Досторум тийишип сүйлөп калышса, “силер жасай албаган нерсени менин аялым кылат”,-десем ооздору жабылып калат.

Менин аялым менден кыйын! Жакуля, мен сени менен сыймыктанам!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитимдин бул сөзү үчүн тоюбузду токтотуп, чакырууларды кайтарып алдык

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Катуу секирсем же күлүп койсом заарам чыгып кетип жатат

Катуу секирсем же күлүп койсом заарам чыгып кетип жатат

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.