AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Маршруткадагы чоң апа баласын урушуп келаткан эжеге 3 кеңеш айтты

Маршруткадагы чоң апа баласын урушуп келаткан эжеге 3 кеңеш айтты

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Маршрутка. Тыгын. Кетпеген жерден тер кетип баратабыз. Люк ачылганы менен аба кирбейт. Элдин баары нерв.

Аялдама. Жашы ортолоп калган эле аял, кичинекей кызын жетелеп түштү. Киргенде эле кызын урушуп жаткан. Барган сайын күчөдү. Толтура эл карап турат. Эч ким оозун ачпады.

Кызы мектебине ыр жаттап барыш керек болчу экен. Жаттабай калыптыр. «Ушу эки сап дагы алдыгы мээңе кирбейби», «кийин сени окутпайм», «сени күйөөгө эле берип салыш керек», «мээң иштейби», «айт дагы» ж.б. 

Чыдабай кеттим. «Эже» дегиче, алдыда отурган кемпир сөзүмдү бөлдү. 

«Айылымдан өнүккөн шаарды көрөйүн деп келсем, эмнегедир артка кетип бараткандай. Кызым, жаш балага ушунча тирештиң, айланайын, жашооң жакшы элеби? Урушар кишиң ушу секелек кызыңда болдубу? 

Кызым, кечир, сөзүңөргө аралашып жатам. Бирок, сенде уят барбы? Сен деген энесиң, алдыгы кызыңдын алдында желмогуз көрүнбө. Карачы, секетиң кетейин, сенден коркуп турат. Корккон кишини сыйлабайт, билесиңби муну. Кызың дагы чоңоет кызым. Карыганда жалгыз калба.

Келегой кызым, кел мен чоң апаң болом.»

Кичине кызды алдына алды. Көз жашын аарчып, пакетиндеги бир алманы кармата салды. 

«Ырын жаттабаса эмне болуптур. Ыр баланын көңүлүнөн бийик болдубу. Ушу ата-энелер өз көйгөйүңөрдү балаңардан чыгарганды токтоткулачы. Силер бактысыз болсоңор, балаңар бактысыз болушу керек эмес. 

Кызыңды окутпайм, күйөөгө берем, өз алдынча кылбайм деп жатасың. Эң чоң үч катаны айттың. Азыркы учурда кыздарды болушунча окутуш керек. Күйөөгө бергенге эч качан шашпаш керек. Өз алдынча кылып чоңойтуш керек. 

Кызыңдын канатын кыркпа кызым. Ачууң келип жатса баладан чыгарба. Тескерисинче, балаңды келип кучакта. Анын жүрөгү таза, заматта көйгөйлөрүңдү унутасың. А сен секетим ыйлаба, апаң болгону капа болуп калыптыр.

Мен балдарыма бир дагы катуу айткан эмесмин. Азыр мына, күн алыс үйлөрүнө чакырып, кетиргилери келбей сыйлап турат. Азыр балдарым кыркка чыгып калды. Барган сайын окугула, билим алгыла деп турам. Аларга бир дагы жолу күйөөгө тийишиң же аял алышың керек деп айткан эмесмин. Окугула гана дечүм.»

Маршрутка тынч. Баары баштарын ийкеп калды. Аял түшүп кетти. Унчуккан жок. Аз өтпөй чоң апа дагы түшүп кетти. Ошо. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитимдин бул сөзү үчүн тоюбузду токтотуп, чакырууларды кайтарып алдык

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Аялыма болушуп жатсам апам мындай деп көз жашымды агызды

Аялыма болушуп жатсам апам мындай деп көз жашымды агызды

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.