AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Күйөөм мени түрткөнүн көргөн кайын энем муну жасап оозумду ачырды

Күйөөм мени түрткөнүн көргөн кайын энем муну жасап оозумду ачырды

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет кайын энесине ыраазы болгон келиндин баянын жарыялайбыз.

“Апа, бул жеңишим сизге арналат! Мен сизди жакшы көрөм!”

Сахнага чыгып баратып аябай толкундандым. Алып баруучу микрофонду бергенде тамагым кургап, үнүм кыргылданып араң чыкты. Алдыңкы катарда отурган кайын энемди көрүп өзүмө келе түштүм. Мээримге толгон көзү мени сыймыктануу менен карап туруптур.

Текст боюнча башкача сүйлөшүм керек эле. Бирок, сөздөрүмдүн баарын унутуп койгонума байланыштуу, жүрөгүмдү тыңшадым. Ал мага ушинтип айт деди.

Сахнадан түшүп апамдын жанына бардым. Колумдагы статуэтканы берип, бетинен өптүм. Элдин баары ордунан туруп кол чапты.

“Жалжаке” деп жактырбаган күйөө балам мени таң калтырды

Үчүнчү курста турмушка чыктым. Ал убакта каникулда болчумун. Сабактарым башталса кандай болот экен деп кабатыр болуп жүрдүм. Анын үстүнө курбуларым “окутпай дагы коюшу мүмкүн” дешсе, ыйлагым келип кетчү.

1-сентябрга аз калган. Тоокко жем чачып жүрсөм, кайын энем мени издеп калды.

— Алтынай! Алтынай! Кайдасың!

— Баратам, апа!

— Тур, кийимиңди алмаштыр, анан Эржан экөөң базарга түшүп келгиле.

— Продуктугабы?

— Окууң башталарына аз калды. Үстү-башыңды жаңыртып ал. Окуу куралдарыңды толукта. Тур, турагой, тезде.

Сүйүнгөнүмдү айтпагыла.

Баса, эстегенде бир күлкүлүү окуяны айта кетейин. Күйөөм экөөбүз таарыныша кеттик. Бултуңдап-тултуңдап жаныман өтүп баратып кокусунан түртүп алды. Кармана албай кулап түштүм. Дал ошол маалда кайын энем кирип келип калды. Мага кол көтөргөн экен деп, колундагы кол аарычысы менен күйөмдү сабап кирди. “Ой, апа, кантип эле колум тийсин?!”,-деп күйөөм качып жүрөт. Кайын энем “мен сени ушуга үйрөттүм беле?” деп кубалап жүрөт. Мен аларга жете албай артынан чуркап жүрөм. Кыскасы, комедия эле болгонбуз.

Экзамендериме даярданып жатсам, тоскоол болбосун деп бөлмөмө эч кимди киргизбейт. Эгер жарык өчүп калса, чуркап барып шамды күйгүзүп көтөрүп келет. Сабакка жөнөп баратсам, “үйгө шашпай китепканага отуруп кел”,- деп узатат. Ар дайым сумкама мага көргөзбөй таттуу салып коет. Анан кантип ушундай кайын энени жакшы көрбөйсүң!

“Сен сөзсүз катышууң керек!” Болбой жатып университеттин сулуулар сынагына жаздырып койду. Көйнөгүмдү өзү алып берди. Чогуу ыр тандашып, атүгүл бийлердин кыймылын көрсөттү. “Сенин колуңдан баары келет!” деп, дем күч берип, конкурстун аягына чейин колдоду. Утуп кеттим. Менин атымды айтышканда токтоно албай ыйладым.

Түркияга эки кишиге жолдомо беришти. Кайын энемди алып аэропортко жөнөдүм.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
"Сен курактуулар алды үч балалуу болуп калды" дегендерге жооп

"Сен курактуулар алды үч балалуу болуп калды" дегендерге жооп

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.