AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Күйөөм экөөбүз 31-августта кайын энемди площаддан жоготуп алып ыйлаганбыз

Күйөөм экөөбүз 31-августта кайын энемди площаддан жоготуп алып ыйлаганбыз

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жубайлардын боорду эзген баянын жарыялайбыз. 

«Өмүрүндө айылдан чыкпаган кайын энем конокко келди»

Ар бир 31-августта мындан көп жыл мурун болгон окуяны эстеп боорубуз эзилет. Азыр го күлүп жатабыз, бирок ошол күнү эмне болгонубузду бир кудай билет. 

Жаңы эле баш кошкон кезибиз. Айылда жумуш жок, шаарга келдик. Орусчаны бери кой, көчөнүн аттарын билчү эмеспиз. Жумушубуз бүткөндө чоң сааттын алдынан жолугуп, үйгө жөө кетебиз. Күн сайын бир жол менен барып, бир жол менен келебиз. Башка жакка бурулсак эле адашчудайбыз.

Өмүрүндө айылдан чыкпаган кайын энем конокко келди. Жетимишке жакындап калган эле. “Шаарды үйрөнүп калдыңарбы?” десе,  “жок” дегенден уялып башыбызды ийкедик. “Анда, мени эртең жанагы “площадь” дейби, ошого алып барып келгилечи.”

Түн. Экөөбүз эртеңки күндү ойлоп уктабай жатабыз.

— Эми эмне кылабыз?

— Айла жок, алып барабыз.

— Тиги чогулткан акчабызды алалы.

— Ошентели.

— Маршруткага эле түшөлүбү?

— Такси эле алсакчы, адашып кетпесек болду.

— Такси кымбат, адашпайбыз.

31-август. Күн ысык. Көчөдө эл жык. “Площадь” деген жазуусу бар маршруткага отурдук. Туура эмес тарабынан отуруп алыптырбыз, “конечныйдан” кайра башкасына түштүк.

Кайын энеме сыр билгизбей, “ооба, апа, ушинтип «пересадка» кылабыз” деп койдук. “Аябай узак экен” деген боюнча калды.

Акыры жеттик. Солдаттардын жанынан сүрөткө түштүк. Концерт көргөнү сахна жакка баратканбыз, бир маалда эле кайын энемди таппай калдык. “Апа!” Бакырып издеп кирдик. Площадды он жолу айландык.

“Эми туугандарга эмне дейбиз?” Карыган киши болсо, жанында азыркыдай телефон дагы жок. Көзүм жашылданып кирди. Күйөөм өзүнүн жашын сүртүп жатып, “Ыйлаба!” деп коет. 

Оюбузга эмне деген гана нерселер келген жок. Ужас фильмдин сценарийинен дагы өтүп кетти.

Милицияга барууну чечтик. Бетибизди жууп алалы деп фонтанга барсак, кайын энем “морожный” жеп отурат. Же күлөрүбүздү же жинденерибизди билбей шок болуп калдык. Ал болсо бейкапар жаныбызга келип, “үйгө кеттикпи” деди.

Көрсө кайын энем туалетке кеткен экен. “Аны кайдан таптыңыз” десек, “маршруткадан түшүп жатканда көргөм” деди.

Азыр кайын энем сексенге барып калды. Шаарга келген сайын “площадка алып баргыла” дей берет. Күйөөм экөөбүз бирибизди карап “такси менен баралыбы же маршруткабы” деп күлүп калабыз.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кайын эжемдин кара кызына айткан сөздөрүн угуп таң калдым

Кайын эжемдин кара кызына айткан сөздөрүн угуп таң калдым

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.