AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Классташым менден башка эки кызга валентинка бергенин угуп ыйлагам

Классташым менден башка эки кызга валентинка бергенин угуп ыйлагам

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 2 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

— Ой классташ, кандайсың?

— Апей, сен кайдан?

— Киши тааныбайсың го?

— Көрбөй калыпмын.

— Аяш апам жакшыбы? Иштериң кандай?

— Рахмат баары сонун.

— Ошондой эле болсун.

— Өзүң кандай жүрөсүң?

—  Күзүндө үйлөнгөм.

— Сонун болгон турбайбы.

— Телефонуңду берчи, группага кошуп коеюн. Бүт классташтар ватсаптабыз.

Аркы-беркини сүйлөшүп жолубузду уладык. Залкар. Сегизинчи классымда түшүмдөн кетпеген классташым. Ооруп калганыма карабай Залкар үчүн мектепке барам. Атайын арткы партаны тандап алгам. Эженин сөзүн укпай аны тиктеп отурам. Мага сүйлөп койсо эле, болду, келечегибизди пландап, тоюма кие турган ак көйнөгүмдү тандап баштайм. Ой боорум, эстеген сайын күлкүм келет. «Балалык сүйүү — тоок сүйүү» деген туура экен.

Ашкана сырлары: Сүйүктүүңүзгө жүрөк формасында пицца жасап бериңиз

Баарын жанагы 14-февраль деген балээ бузду. Жыл сайын сүйүү күнүнө карата мектеп активистери коробкадан жүрөк жасап кире беришке илип коюшат. Ага сүйүүсүн билдире албай жүргөндөр анонимдүү кат салат. 14ү күнү активистер каттарды ээсине алып келип берет. Кимдики көп болсо, анын популярдуулугу артат.

“Бул сага.” Жеп жаткан булочкам ары кетпей кекиртегиме такалып калды. “Аа, рахмат.” Кичинекей жүрөк валентинка. Бийлегим келип чыкты. Журналды алып барымыш болуп, эженин кабинетине кирип секирип-секирип алдым.

— Нурзада, сага эмне болгон?

— Эмне болуптур?

— Жөнү жок эле күлүп жүрөсүң го.

“365 байпак алгам”. Мырзалар эсинде калган белектери жөнүндө айтып берет

Эч кимге айтпа деп, Акзыйнат курбума валентинканы көрсөттүм. Көп өтпөй Залкардан валентинка алганым мектептин баарына тарады. Баса, валентинканын ичиндеги ыр дале эсимде.

Ким жыттабайт сүйүү чиркин гүлүнөн?

Күндө өтөмүн терезеңдин түбүнөн.

Кайырчыдай каранамын жалдырап,

Айтчы, жаным, качан сенден түңүлөм?

Өзү ыр чыгарыптыр деп ойлоп жүрсөм, акын Мидин Алыбаевге таандык саптар экен. Аны биринчи курста билдим.

Тыныгуу. Математикадан эсеп чыгарып отургам.  Акзыйнат чуркап кирди.

— Уктуңбу?

— Эмнени?

— Залкар “Б” класстагы Мээримге, анан “Г”дагы Айтурганга дагы валентинка берген турбайбы.

— Эмне?

— Ооба, жүр сурайсыңбы?

— Жок.

Мен ал валентинканы улам-улам ачып карап, түнкүсүн кучактап жатпадым беле. Үйгө келип ызама чыдабай ыйладым. Апам байкуштун жүрөгү түшүп калды. Эмне болгонун сурайт, а мен эч нерсе айта албаймын. Бир жума мектепке барбай жатып алдым. Валентинканы тытып салайын дедим, бирок колум барбады.

Залкарды жолуктургандан кийин булардын баарын эстеп бир жылмайып алдым. Баса, тиги валентинканы апам сактап койгон. Ошондо апам, “кызым, бул күндөр да өтөт” дегенде ишенген эмесмин. «Силер эч нерсе түшүнбөйсүңөр. Мен өмүр бою аны сүйүп өтөм» деп ойлогом. Бирок, чынында эле ал күндөр да өттү. Учурда сүйгөн адамым бар.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Атам «тур, үйүңө жөнө» десе, апам “келиниме сүйлөбө» дейт

Кайын энем “эмне ыйлайсың, төрөбөй жүргөн сен эле бекен” деп көзүмдү ачты

Ооруп төшөккө жатып калгандан кийин кайын энемдин ким экенин билдим

Кышында да эшикке жуунасыңарбы деп кошунабыз каткырып шылдыңдады

Нанга жетпей отурсак, туугандар пардаңар кантет деп сынап кетишчү

Күйөөмө жатыным жок экенин айтсам, берген жообу таң калтырды

Апамды 10 баласы менен таштап кеткен атам бутубузга турганда кайтып келди

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кайын атам картошка аарчып жардам берет

Кайын атам картошка аарчып жардам берет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.