AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Келиним үйдөн сөз ташып жүргөнүн ата-энем билбейт

Келиним үйдөн сөз ташып жүргөнүн ата-энем билбейт

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул айымдын катында келининин кылыгы жөнүндө айтылат. Эскертүү: каармандардын аты өзгөртүлдү.

Анаржан: барсам ичи-койнума чейин кирип тосуп алат

Келинибиз биздин үй-бүлөнү уят кылып бүттү. Эгер ошол күнү ата-энемдин үйүнө түнөп калбасам, бейкапар жүрө бермек экенбиз.

Кичүү инимдин аялы. Келгенине бир жылдан өтүп калды. Барсам, “эже келиңиз”,-деп, ичи-койнума чейин кирип тосуп алат. Ой, тообо, сыр билгизбейт го, чиркин! Тим эле периште!

Ата-энем же иним жаман мамиле кылса бир жөн эле. Апам, “кызым”, — деп, бизден кем көрбөйт. Күйөөсү белек-бечкек берип көңүлүн алат. Өзү иштебейт. Бардык шарты бар заңгыраган үйдө жашайт. Деги буга эмне жетпейт?

Башында улуу келиндеримден, “Мээрим ушинтип айтты” дегендерин угуп калчумун. Бирок, анчейин деле маани берчү эмесмин.

Бир күнү апамдардан кабар алганы баратып, кошуна эжеге жолугуп калдым.

— Ой, Гүкү кандайсың?

— Ден соолугуңуз жакшыбы эже?

— Жакшы ай, бирде оору, бирде соо дегендей, Алымкан болуп жүрөбүз. Сурайын дегеним, тиги улуу байкең жакшыбы?

— Ооба. Эмне болду?

— Мээрим айтты эле, ичип алып токтоно албай жүрөт деп.

— Коюңузчу эже, Акбар байкем өмүрү антпейт. Тойдо эле бир аз серп этип койбосо.

— Билбейм. Ай, макул, маршруткам келип калат.

— Жакшы барыңыз.

Бул эмнеси? Үйгө кирдим, бирок, Мээримге үн катпадым. Кургак чай түгөнүп калыптыр. Апам Мээримди дүкөнгө жөнөттү. Ал кеткенден кийин столдун үстүндө турган телефонуна кат келди. Ооба, бирөөнүн телефонун уруксатсыз чукулаган уят.

Бирок, кызыгып, мойнумду созуп, бир сүйлөмүн окусам, курбусунан «тиги ажыдаар кайын энеңен бошодуңбу” деген кат келиптир.

Ачуум менен шарт алып кийинки жазышкандарын окуй баштадым. Мына сага, кызыктын баары бул жакта экен. Апамды бери кой, ар бирибизби туугандарына, кошуна келиндерге, абысындарга жамандап чыгыптыр. Бүт баары жомок. Апам келип калды.

— Ай, колуңдагы Мээримдин телефонубу?

— Ооба, саатты карайын деп эле.

— Ааа.

Ошол күндөн бери келинимди көргүм келбейт. Сүйлөсө жасалма күлүп, жооп берип коем. Психологдон сурайын дегеним, “келиниңиз ушундай” деп апама түз эле айтсамбы же биринчи өзү менен сүйлөшөйүнбү?

Адис эмне дейт

Мария Самсонова, психолог

Саламатсызбы! Менин көз карашым боюнча, эгер келиниңиз менен сүйлөшүп, эмне үчүн антип жатканын билип, ичиңизде болуп жаткан нерселерди айткыңыз келсе, бетме-бет отуруп алып ачык маектешкениңер туура чечим болот. Бул конфликтке үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүн тарта турган болсоңуз, анда чыр-чатактан качып кутула албайсыңар. Чыр-чатак эгүүнүн эч кимге кереги жок. Силерде баары жакшы болот деп ишенем! 

Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Апам байкемдин жуурканын мага ченеп тикти эле, андан биринчи үйлөнүп калдым

Бир күйөөдөн чыкканымды билсе эле эркектердин оюу бузулат

Той өткөргөн кошунам 125 литр шорпосун көчөгө төгүп коюптур

“Казаныңдын карасы кантет” дегеним үчүн келинимден кечирим сурадым

Апамды жамандасам, чоң энем «биздин каныбыз» деп бетимден өпчү

Башкалардын аялына суктанып жүрүп, чүрөктөй келинчегимден ажырадым

Атам апамдын тузу өткөн тамагын мактап жейт

Уулду болгум келип кыздарыма жакшынакай ат койбогонум үчүн өкүнөм

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
«Айыл Банк» ААКсы 2019-жылдын 31-декабрына чейин «Депозит+1» акциясын өткөрөт

«Айыл Банк» ААКсы 2019-жылдын 31-декабрына чейин «Депозит+1» акциясын өткөрөт

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.