AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Карапайым адамдардын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Карапайым адамдардын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

13 июля, 2023
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурман айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. 

— Атасы кайда иштейт?

— Айдоочу.

— Ммм. Энесичи?

— Санитарка.

— Башка кыз жок бекен?

— Апа, дагы баштадыңызбы?

— Ооба, баштадым. Атаңдын кандай кызматта ортураарын билесиң. Эл караган бетибизди жер каратканы турасыңбы? Уул болбой, сени! Турчу ары!

— Апа! Мен баары бир Назгүлгө үйлөнөм.

— Эй, бала, токто! Бекзат дейм.

Уулум акыры Назгүлүнө үйлөндү. Кызды алып кетели деп айылына бардык. Кепедей үй экен. Шар үйлөп кооздоп коюшканын кантейин. Жерге дасторкон жайышыптыр. Араң отурдум. Уф, бутум уюп кетти. Дагы жакшы, курбуларымды алган эмесмин. Шерменде болмок экем.

— Ай келин, кирди колуңа жуубай, машинага салбайсыңбы! Кашемир жемпирди өлтүрбөдүңбү!

— Апа аны күйгүзгөндү билбей койдум.

— Үйүңдө жок болсо билбейсиң да!

Мен муну менен токтоп калган жокмун.

— Ай келин, үйдү чаң ыскытып, шыпыргы менен тазаладыңбы?

— Апа…

— Чаң соргуч деген бар. Күйгүздүң го!

Тамакты да жөн ичпедим.

— Бул эмне?

— Беш бармак?

— Мен балык кууру дебедим беле?

— Муну ким жейт?

Бир да жолу каяша айткан жок. Көзү жашылданып баштаганда бурулуп басып кетчүмүн. Билишимче балама да эч нерсе дечү эмес. Бирок, арыктап, чүнчүп баратты.

— Апа, мен бөлүнөм.

— Эмне дейт?

— Назгүлдү эч эле кабыл албай койдуңуз. Ал бат-бат ооручу болду. Мен аны алып жатканда, атасына жакшы карайм дегем. Сөзүмө турушум керек. 

— Тигиниң бөлүнөлү дедиби?

— Назгүл сиз жөнүндө бир да жаман сөз айткан эмес.

Уулум ошентип бөлүнүп кетти. Үйүнө канча ирет чакырды. Барган жокмун. Өзү төрт балам бар. Кызымды турмушка узаткам. Эки уулум да үйлөнгөн. Баары өзүнчө турушат. Бекзат эң кичүүсү болчу. Ал да кетти.

Бир күнү жолдошум экөөбүз коноктон келе жатып жол кырсыгына учурадык. Оор абалда бейтапканага түштүк. Жолдошум комада. Менин эки бутум сыныптыр. Ошондо гана байлык жаап койгон көзүм ачылды.

Шорпосун көтөрүп алып уулум, келиним Назгүл ата-энеси менен дароо жетип келишти. Берки кудагыйларым чалып эле коюшту. Улуу балдарым келгени менен келиндерим жок. Жалгыз кызым келип акыбалыбызды сураганга  жарабады. Курбуларымды айтпай эле коеюн.

Мени үйгө чыгарышты. Баса албайм. Күйөөм жаңы эле комадан чыккан, дале бейтапканада.

Берки эки уулум аялдары менен келип, “Мама, билесиз, жумуш көп, сизди караганга убакыт жок, сиделка сүйлөшүп койдук” дегенде, Бекзатым, “Мен өзүм карайм”,-деди

Назгүлүм таң эрте ойгонот. Дарымды берип, кийимдеримди алмаштырат, жуунтат. Кудаларым (Назгүлдүн ата-энеси) айылдан алма, сүт, эт берип жиберишет. Чалып, “биздин үйгө келип эс алып кетиңиз, абасы таза”,- деп улам-улам чакырышат. 

Күйөөмдү үйгө чыгарышты. Бутум кыймылдай баштады. Келиним жетелеп, ары-бери бастырат. Кечинде чогуу отуруп тамактанабыз. Көрсө, байлык жөнөкөй адамдык мамиленин жанында эч нерсеге татыбай калат экен. Менин көзүм эми ачылды. Мен өз жазамды алдым.

Карапайым, жупуну кийинген адамдарды теңиме алчу эмесмин. Бирок, өз туугандарымдан, таппаган жылуулукту ошолордон таптым. 

— Апа, жүрүңүз, чай даяр болуп калды. Атам азыр түшөм дейт. Келиңиз мага жөлөнүп алыңыз.

— Бекзат келдиби?

— Ооба, колун жууп жатат.

— Назгүл.

— Ооу, апа.

— Мени кечирип койчу.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

Күйөөм тойго барса эле кыздарга тийише берет

Күйөө баламдын катын окуп кызымды үйүнө жөнөттүм

Күйөөмдү көчөдөн колтуктап бассам кошуналарым шылдыңдайт деген аялдын баяны

10 жашар баланын атасына жазган каты баарын ыйлатты

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
MEGA – түйүндү каптоо аймагы боюнча лидер

MEGA – түйүндү каптоо аймагы боюнча лидер

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.