AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кайын эжем “себетиңе арзан сок салыныптыр” деп жаңы алган келинин ыйлаткан

Кайын эжем “себетиңе арзан сок салыныптыр” деп жаңы алган келинин ыйлаткан

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир келин жөнөткөн баянды жарыялайбыз. Эскертүү, каармандардын аты өзгөртүлдү.

Азыр “Себетиңди көрсөт, ким экениңди айтам” деген заман болуп калыптыр

Быйыл кайын эжем кичүү уулун үйлөдү. Карантинге байланыштуу тойду үйүнөн бермей болушту. Заңгыраган короо-жайы бар, ошого дагы күйөөсү экөө ыраазы болбой наалып жатышты: “ресторанга бермекпиз”, “катыштарыбызга уят болдук”,  “ырчылар келмек беле” ж.б.

Тойго аз калганда жардамдашып коен деп бардым. Ой тобоо, мына акчанын күчү деп ушуну айт. Идиш жууп, боорсок жасаганды бери кой, эшик шыпырып, колго суу куюп, от жагып, итине тамак бергенге чейин киши жалдаптыр. Продуктуларды бул жактан эмес, чет өлкөдөн алдыртыптыр. “Могу икра кечээ алыстан келди, ооз тийсең”, кайын эжем бир кашык икра сунду. Өзүбүздүн форелге жетпейт экен. Сыртка чыгып бир чыны шорпо ичип баса бердим.

Келин аябай сулуу, назик, жоош бирөө экен. Кайын эжемдин дардаңдаган уулуна ыраа көрбөдүм. Угушум боюнча кыз деле тектүү жерден имиш.

Азыр “Себетиңди көрсөт, ким экениңди айтам” деген заман болуп калыптыр. Кызды алганы баратканда куданын алдына себет жасадык. Жасадык деп коем, кайын эжем өзүнө окшогон “подружкалары” менен жасады. Он себет, элестеткиле, он себет, он!

Бирөөсүндө чет өлкөдөн келген конфет, даамы укмуш, өмүрү андай жеген эмесмин. Экинчисинде манго, авакадо, анан жанагы “ажыдаардын көзү” деген экзотикалык мөмө-жемиштер. Үчүнчүсүндө өзгөчө ыкма менен жасалган боорсок, нандар. Төртүнчүсүндө грузин шараптары, француз виносу. Калгандарын айтпай эле коеюн, антпесе түн кирип кетет, кыскасы түшүндүңөр да.

Бир жума мурун келин тараптан себет келди. Айланайын, элдин баары “кандай себет экен” дешип чуркап жөнөштү.

Эт туурап отургам, кызык болуп мен да бардым. “Карасаң, буларга боло берет деп салып койду да”, кайын эжем бир сокту алып туруп ары ыргытып салды. Баарыбыз эле ичип жүргөн сок, атын айтпай эле коеюн. Ошол маалда келини кирип келип калды. “Себетиңе арзан сок салыныптыр, биздикин көрдүң беле, апаңа айт, кайын энем нааразы болду деп.” Кыялын көрсөтүп сыртка чыгып кетти. Келин байкатпай көзүнүн жашын аарчыды. Жанына барып “көңүлүңө алба” дедим.

Эх, кайын эже, кайын эже… Туура эмес кылдыңыз. Жаңы келген келиниңиздин эсинде жакшы адам катары сакталып калсаңыз болбойт беле. Эртең эле карып, балдарыбыздын колуна түшөбүз. Сиз ооруп калсаңыз жанагы сок келип карабайт, ушу жалгыз келиниңиз шорпо жасап берет.

Ушинтип айтайын деп сыртка чыктым эле, кайын эжемдин эч нерсе болбогондой шаңкылдап күлүп отурганын көрүп токтоп калдым. Убагы келгенде өзү түшүнөр деп үйүмө жөнөдүм. Жолдо баратып оюма улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айтканы келди: «Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу.»

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.5k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
"Курманжан Датка" тасмасында Алымбек Датканын ролун ким аткарган? Кызыктуу тест

"Курманжан Датка" тасмасында Алымбек Датканын ролун ким аткарган? Кызыктуу тест

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.