AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кайын энем менин тамагымды төгүп

Кайын энем менин тамагымды төгүп, кошуна келиндикин мактап жеп жатыптыр

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

«Апа бул эмне кылганыңыз?» Экөө мени колу менен көрсөтүп каткырышты. Мен байкуш унчукпай шыпыргыга жөнөдүм. Төгүлүп жаткан тамакты чогултуп жатсам, кайын энем жаңы эле жасаган нанымды сындырып итке ыргытты. Бакырсам үнүм чыкпайт. Чуркап барып колунан нанды жулуп алдым. Эч нерсе болбогондой үйгө кирип кетти.

Кайдан-жайдан кошуна апанын келини дагы пайда болду. “Эй сен каякка?” десем, мени акшыя карап, үйүбүзгө кирип кетти. Ачуум менен артынан кирсем, кайын энем аны эркелетип, бетинен өөп жатыптыр. “Сен сонун келинсиң. Балам сени алса болмок. Тамактарың дагы даамдуу. Кайын энеңе “повезло” ай!”

Кечээ эле мантымды мактап жеген кайын энеме эмне болгон дедим. Бир нерсе деп сүйлөсөм үнүм чыкпайт. Кайын энем болсо жолдо турган мени түртүп, бөлмөмө кирди. Тиги кошуна келинге көйнөктөрүмдү бере баштады. Келиндин колунан жулуп алсам, башкасын берет. Ыйлап сыртка чыгып кеттим.

Күйөөм келди. Аябай арыздандым. «Алардыбы» деп үйгө кирген боюнча жок. Артынан барсам, үчөө чай ичип отуруптур. Мени колдору менен көрсөтүп күлүштү. Кайын энем “бул тамакты ыргытып салалы” деп, мен жасаган шорпону төгүп, кошуна келиндин оромосун мактап жеп жатат. Ызаланып күйөөмөн бир нерсе дешин сурансам, ал даамдуу экенин айтып оромону жей берди. Оромо салынып турган тарелканы алдым дагы жерге сындыра чаптым. Тарс!

Чочуп турдум. Денемди тер басып, титиреп калыпмын. Көрсө, балам ойноп жүргөн шарын жарып алыптыр. Тиги бөлмөдөн кайын энем чуркап келип, “ай, апаң эс алсын дебедим беле” деп сүйлөнө баштады. Мени карап, “турдуңбу берекем, жүр оромо жасап койдум, жеп алалы” десе болобу. Терең дем алдым, анан каткырдым. Алтындай болгон кайын энеме эмне болду экен десем, жаман түш турбайбы. Үч жолу эмес, жүз жолу түкүрдүм дагы, ашкананы көздөй жөнөдүм. Үйдүн баары оромо жыттанып калыптыр.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитимдин бул сөзү үчүн тоюбузду токтотуп, чакырууларды кайтарып алдык

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.5k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
"Айыл Банк" кардарларды тейлөөнүн жаңы системасын киргизет

"Айыл Банк" кардарларды тейлөөнүн жаңы системасын киргизет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.