AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кайын энем майып аялыңды ташта дегенде күйөөм макул болбой койгон

Кайын энем майып аялыңды ташта дегенде күйөөм макул болбой койгон

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Баарын кечирдим. Өткөндү кое бердим. Алдыга багыт алдым.

Мындан эки жыл мурун тамдын үстүнө чыгып баратып кулап түшкөм. Комада эки күн жаттым. Үчүнчү күнү дарыгерлер суук кабарды угузду: “Омурткаңа катуу доо кеткен, мындан ары баса аласыңбы же жокпу айта албайбыз”. Күйөөм ыйлап жатты. Менден бир тамчы көз жаш аккан жок.

Качан ыйладым дебейсиңерби? Бейтапканадан чыкканда. Бул күндү эч качан унутпайм. Анткени күйөөм майыптардын коляскасын алып келген. Уулум экөө көтөрүп отургузушту. Алар сүйрөп баратышат, мен шолоктоп ыйлап баратам.

Жолдошум мени караш үчүн жумушунан жарым ставкага которулду. Студент балам жардам болсун деп, окуусунан кийин досуна кошулуп иштей баштады.

Түшүмдө чуркап жүргөн болом, ойгонсом эле төшөктөмүн. Ошол абалымды душманыма да каалабайм.

Бир күнү айылдан кайын энем келди. Биздикине түнөп калды. Түндө ызы-чуудан улам ойгондум. Күйөөм менен кайын энем ашканада бир нерсени талашып жатышыптыр. Коляскама отуруп акырын эшиктин түбүнө келдим.

— Сен али жашсың! Балалуу болушуң керек! Өмүр бою майып аял менен жашайсыңбы? Ташта!

— Апа, эмне деп жатасыз?

— Эмнени уксаң ошо!

— Апа, мен антпейм. Андан көрө өлүп калганым артык. Ал менин аялым, мени эркек деп коет. Жакшылыкта бирге болдук, эми жамандыкта да кол үзбөйбүз. Таштап, башкага үйлөнүп алып кантип тынч уктайм. Мына, баарыңар көрөсүңөр, ал басат.

Эртеси кайын энем эч нерсе болбогондой айылга жөнөп кетти.

Бир күнү күйөөмө мени ташта да, башкасын ал деп өзүм айттым. Мага таарынып үйдөн чыгып кетти. Кечинде бир аз ичип келиптир. Эртеси өзүм кайра кечирим сурадым. “Жаным, абалыңды түшүнүп турам, бирок мени да ойлоп кой да. Баары сени ташта дешет, жок дегенде сен аларга кошулбачы. Суранам! Көрөсүң, сөзсүз басып кетесиң! Мен жаныңдамын. Ыйлабачы. Болгону мага ишенчи!” Бутумду кучактап ыйлап жатты. Ага кошулуп мен шолоктодум.

Дарыгерлер кепилдик берген эмес. Биз багынбадык. Чогуу аракет кылдык. Баштан кандай азаптуу күндөр, жан чыдагыс оорулар өткөнүн айтпай эле коеюн. Эки жылдан кийин бутума турдум. Кудум жаш баладай биринчи кадамымды таштадым. Уулум менен күйөөм тай-тайлап жетелеп сүйүнүп жатышты. Түлөө өткөрдүк. Ошондо баягы адамдардын баары билмексен болуп келишти. Унчукпадым, бирок, унутпадым.

Күйөөмөн күмөн санаганым үчүн кечирим сурайм! Башкалардын сөзүнө кирип канча жолу көңүлүн ооруттум. Кет дедим, ташта дедим, баары бир колумду кое берген жок. Мен эң бактылуу аялмын. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кызымды күйөөсү менен жаныма алып калганыма өкүндүм

«Калың бербейт экенсиң» деп кызымдын жигитин кууп чыкканыма өкүндүм

Кыздуу болгондон кийин аялымды сыйлап калдым

Таенеме жашоодон тажадым десем, сабиз, жумуртка алып чыкты. Сабак болчу окуя

Биринчи этек кирим келгенде апам ким менен жаттың деп урган

Депутат байке окууга өткөрөм деп алдап кыздыгымдан ажыратты

Кайын энем күйөөмдүн турсийин өзүм жууйм деп талашат

Аялымды каалабай калдым деген эркектер сөзсүз окушу керек

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Качан күйөөгө тиесиң? - кыжырга тийген суроолордун лидери.

Качан күйөөгө тиесиң? - кыжырга тийген суроолордун лидери.

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.