AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кайын энем "күйөөңдүн сөзүн укпай эле кой" дегенден кийин жашоо өзгөрдү

Кайын энем «күйөөңдүн сөзүн укпай эле кой» дегенден кийин жашоо өзгөрдү

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Көптөн бери бук болуп жүрөм. Жашоо кызыксыз. Жеген тамактарым даамсыз. Аргасыз күлөм. Аргасыз эле жашап жүрөм. Мага бир нерсе жетпегендей. Жашоодон артта калып калгандаймын…

Инстаграмга кирсең баары бактылуу. Баары бай. Баарынын сүйүктүү жумушу бар. Ого бетер жарам чоңоет.

Күйөөмдүн жашоосу менен жашап калгандаймын. Ал жумуштан келет. Эмне болгонун айтып берет. Аны угуп отурам. Баламдын кылыктарын айтам. Өзүм жөнүндө бир сөз жок. Киммин? Эмне жагат? Эч нерсе билбейм. Тойго барсам дагы ал жактагы туугандардын окуясын айтып берем. Тажап кеттим…

Күйөөмдүн айтканын кылам. Ал деле менен тажай баштагандай. Албетте, артынан эле калбай жүрсөм. Жумушта отурса зериккенимден жазам. Кээде бул үчүн урушуп кетебиз.

Айылдан кайын энем келгенде жашоом өзгөрдү.

Сүрдүү аял. Көзүңө тике караганда калп айта албай каласың. Бул ирет дагы ошондой болду. «Иий, эмне болду?» дегенде эле ичимдеги букту айтып кирдим.

— Сага эмне жагат? Эмне жасагың келет?

— Эми…

Ойлонуп отуруп кыялымдагы бир планды айттым. 

— Бирок, уруксат бербейт го…

— Күйөөңдүн сөзүн укпай эл кой. 

— Түшүнбөдүм… 

— Анын бул жерде кандай тиешеси бар? Биринчи ирет сага жагышы керек. Ал колдосо жакшы, колдобосо өзүнүн көйгөйү. Сени бактылуу кылган нерсе, сени гана бактылуу кылат, башканы эмес. Эмнеге башкалардын оюн маанилүү көрөсүң? Ошон үчүн бук болуп жүрөсүң. Ошон үчүн күйөөңдүн жашоосу менен эле жашап калгансың. Бара-бара ага деле кызыксыз болуп каласың. Эң жаманы өзүңө кызыксыз болуп калганың. Тур, жаса, бактылуу бол. Баары оңой. Эмнеге татаалданта беерсиңер.

Кайын энем келип кеткенден бери жашоом өзгөрдү. Планымды ишке ашырдым. Акча таба баштадым. Тамактын даамын сезе баштадым. Эң негизгиси кечки тамактанууда эми күйөөм мени кызыгуу менен угуп отурат.  

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234
admin

admin

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Баласын жалгыз тарбиялаган ата же апа сөзсүз муну билиш керек

Баласын жалгыз тарбиялаган ата же апа сөзсүз муну билиш керек

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.