AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кайын энем “эмнеге келиниме өтүк алып берген жоксуң” деп күйөөмдү урушту

Кайын энем “эмнеге келиниме өтүк алып берген жоксуң” деп күйөөмдү урушту

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул келиндин катында кайын энеси тууралуу айтылат. Эскертүү: каармандардын аты өзгөртүлдү.

Алмагүл: эки балам эски курткасынан үшүп калган

Деги мындай болчу эмес эле, бирок бул жылы акчадан жакшы эле кыйналдык. Шаарда батирде турабыз. Эки балабыз бар. Күйөөм бир айдан бери жумуш издеп убара. Учурда жалгыз иштеп жүрөм. Алты миң сомду бир айга эптеп жеткирип жашап жатабыз.

Кышкы кийимди бери кой, көмүр алганга акча жок. Электр мешин түндө өчүрүп, кабат-кабат жууркан чүмкөнүп жатып алабыз. Балдарым бала бакчага барат. Кыска келип калганына карабай эски кийимдерин кийгизип жиберем. Күйөөм шабашка чыккан жерге чуркап жөнөйт. Өзүм бейтапканада санитаркамын. Экөөбүз тең пенсионер ата-энебизден жардам сурагандан уялдык.

— Алмагүл бутуң үшүгөн жокбу?

— Жок.

— Койчу ай, карда жука туфли кийип жүрөсүң.

— …

— Этият бол эми, ооруп калба.

Кесиптештерим жарама туз себишкенин койбоду. Эми, өздөрү деле ойлошпойбу, жок болгон үчүн кийип жүрөт деп.

Ал күнү кайын энем келбесе эмне болмокпуз билбейм.

Жумуштан кийин балдарды бала бакчадан алып, көңүлүм жок үйгө бараткам. Көчөнүн башынан эшигибиздин түбүндө кайын энем турганын көрдүм. Бизге айттырбай айылдан келип калыптыр. Бут кийимим тайгак, чуркай алсамчы. Эки балам эски курткасынан үшүп калган. Кебетебизди көргөн кайын энем шок болуп калды.

— Алда балам ай, бул эмнеси? Бутуңа суук тийдиго. Ооруп калсаң эмне болот?  

— Апа кандайсыз. Келиңиз.

Мындан башка эч нерсе дей албадым. Үйгө киргизип чай койдум. Бүгүн балдарымдын курсагын кантип тойгузам деп отурдум эле, кайын энем ала келген этти астым. Балдарым чоң энеси берген таттууларды деп жыргашты. Ыйлап кыйналып жатканыбызды айттым. Апам көз жашымды аарчып, кучактады. Күйөөм келди.

— Ой апа, келип калдыңызбы?

— Чакырбасаң келем да. Айланайын, бала эмес эле балээ болдуң. Намыстанбай үйгө келип эт-пет алып кетпейт белең. Сен го мейли чоң эркексиң, бул балдарың, аялың кантти. Үй-бүлөңдү бага албасаң, эмнеге үйлөндүң?

— Апа, силерди кыйнабайын деп эле.

— Биз эмнеге кыйналмак элек. Келинимди карачы! Байкушум көк музда таманы жука туфли кийип жүрөт. Бир өтүк алып бергенге жараган жоксуңбу? Ден соолугу эмне болду?

— Апа..

— Болду, токтот.

Ал күнү жыргап курсагыбыз ток жатты. Эртеси кайын энем ой-боюма койбой базарга алып барып, чогултуп жүргөн пенсиясына өтүк, куртка алып берди. Күйөөм менен балдарды да унуткан жок.

Апамды айылга салганы бардык, жөнөп жатып, “Балдарым, башыңарга келген кыйынчылыкты татыктуу өткөргүлө. Караңгыдан кийин жарык болот, жакшылыктан үмүт үзбөгүлө. Бири-бириңерге тирек болгула. Омийн, жолуңар ачылсын”, — деп батасын берди. Эртеси айылдан бир койдун эти менен көмүр, бир аз тыйын-тыпыр келди. Кайын энем менен кайын атам салып жибериптир.

Көп өтпөй күйөөм акчасы жакшы жумуш тапты.

Эгер ошол күнү кайын энем келип жылуу сөзүн айтпаса эмне болоорун билбейм. Күн сайын жатаарда ушундай кайын энем бар экенине шүгүр кылам. Апа, мен сизге абдан ыраазымын.   

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Келиним үйдөн сөз ташып жүргөнүн ата-энем билбейт

Апам байкемдин жуурканын мага ченеп тикти эле, андан биринчи үйлөнүп калдым

Бир күйөөдөн чыкканымды билсе эле эркектердин оюу бузулат

Той өткөргөн кошунам 125 литр шорпосун көчөгө төгүп коюптур

“Казаныңдын карасы кантет” дегеним үчүн келинимден кечирим сурадым

Апамды жамандасам, чоң энем «биздин каныбыз» деп бетимден өпчү

Башкалардын аялына суктанып жүрүп, чүрөктөй келинчегимден ажырадым

Атам апамдын тузу өткөн тамагын мактап жейт

Уулду болгум келип кыздарыма жакшынакай ат койбогонум үчүн өкүнөм

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кайын энем бир туруп бутум

Кайын энем бир туруп бутум, бир туруп башым дей берип тажатты

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.