AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кайын энем “баламды адам кылдың” деп менден кечирим сурады

Кайын энем “баламды адам кылдың” деп менден кечирим сурады

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул келиндин катында кайын энесинин кечирим сураганы айтылат. Эскертүү: каармандардын аты өзгөртүлдү.

Назгүл: күйөөм туугандарын тааныбайм деп качып кетчү

Келин болуп келгениме он беш жыл болуп калды. Баштан эмнелер гана өткөн жок.

Турмушка чыкканда болгону он тогуз жашта элем. Эч нерсе билбеген, шаарда өсүп чоңойгон кыз болчумун. Шаардык келин дешип мени кайын-журтум жактырчу эмес. Кайын энем кылыктарын көргөзүп көп жолу көңүлүмдү оорутту. Азыр баары көзүмдү карап, «Назка эмне кылалы»,-деп турушат.

Ой тобоо, күйөөм өзүнүн туугандары менен катташкандан качат эле.

Эки-үч жылдан кийин шаарга көчүп келдик. Үч балалуу болдук. Кичинемден визажист болгум келчү. Атайын курстарга барып окуп, үйгө кардар ала баштадым. Кийин ишим жакшы жүрүшүп, бир салон жумушка чакырды. Азыр бош убактымда барып иштеп турам. Бул менин сүйүктүү хоббим десем болот.

Ал убакта менин сегиз айлык боюмда бар болчу. Айылдан кабар келди. Кайын атамдын байкеси өтүп кетиптир. 

— Азыр жолго чыксаң, топурак салганга жетишип каласың.

— Мен эмне бармак элем, ал киши менен жакын эмес болчук.

— Атаңдын бир тууган байкеси өтүп жатса, кантип барбай коесуң? Сен деген жалгыз уулу катары атаңдын жанында турушуң керек.

— Барбайм, жолдон кыйналам.

— Урмат, душка түш да жөнө!

— Уфф.

Мындан беш жыл мурун кайын энемдин алтымыш жылдыгы болуп, айылдагы үйгө той бердик. Келген коноктордун колуна суу куюп жүрсөм, күйөөм сарай жакта жалгыз отурат.

— Урмат, бул жакта эмне кылып жүрөсүң? Коноктор келе баштады.

— Мен алардын көбүн тааныбайм. Барбайм.

— Урмат, ал деген сенин кошуна-туугандарың. Мени тааныйт дейсиңби? Тур, колуна суу куюп, күлүп-жайнап тосуп ал. Апаңды сыйлап келип жатышат.

— Уфф.

Көп жолу кылыгын көрсөттү. Отургузуп алып, эмне үчүн андай кылган болбойт деп шашпай чайнап түшүндүрүп берчүмүн. Бара-бара жаназа же той болсо, барып келели деп өзү биринчи айта баштады.

Бир күнү айылдан кайын энем конокко келди. Чай берип отурсам, “Назка, убагында сенин көңүлдү оорутуп туура эмес кылыпмын, ал үчүн кечирим сурайм. Сен жок болсоң, балам эмне болмок билбейм. Баламды сен адам кылдың. Ыраазымын сага”, — деп жашыды.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын энем “эмнеге келиниме өтүк алып берген жоксуң” деп күйөөмдү урушту

Келиним үйдөн сөз ташып жүргөнүн ата-энем билбейт

Апам байкемдин жуурканын мага ченеп тикти эле, андан биринчи үйлөнүп калдым

Бир күйөөдөн чыкканымды билсе эле эркектердин оюу бузулат

Той өткөргөн кошунам 125 литр шорпосун көчөгө төгүп коюптур

“Казаныңдын карасы кантет” дегеним үчүн келинимден кечирим сурадым

Апамды жамандасам, чоң энем «биздин каныбыз» деп бетимден өпчү

Башкалардын аялына суктанып жүрүп, чүрөктөй келинчегимден ажырадым

Атам апамдын тузу өткөн тамагын мактап жейт

Уулду болгум келип кыздарыма жакшынакай ат койбогонум үчүн өкүнөм

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
"Төрт балалуу аялды келин кылбайм" деп кайын энем мага жоолук салбай койгон

"Төрт балалуу аялды келин кылбайм" деп кайын энем мага жоолук салбай койгон

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.