AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кайын энем “ал оорукчан

Кайын энем “ал оорукчан, жолдошуңа, ата-энеңе айтпа” – деп сырын айттырбайт

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир келин жөнөткөн баянды жарыялайбыз. Эскертүү, каармандардын аты өзгөртүлдү.

Күйөөм мени алып качкан

Саламатсызбы. Мен өзүмдүн жашоом боюнча эч кимге айтылбаган сырларым бар. Ошол боюнча сизден кеңеш алайын дедим. Кыскача айтканда, он сегиз жашымда турмушка чыктым, күйөөм мени алып качкан. Азыр кудайга шүгүр, үч балабыз бар, он жылдан бери түтүн булатып жашап келебиз. Жолдошум үйлөнгөндөн кийин эле Москвага иштегени кетти, мен кош бойлуу болгондуктан бул жакта кала бердим.

Он жылдан бери жашырып келген сырым бар

Келгенде эле, кайын атам оорукчан, деген имиштерди уккам. Бирок маани берген эмесмин. Күйөөгө тийгениме бир жыл болгондо башталды: кайын атам түнкүсүн уктап жаткан бөлмөмө кирип тийишчү болду. Кайын энеме арыздансам, “ал оорукчан, жолдошуңа, апаңдарга айтпа” – деп кутулду.

Эки күн тынч уктасам, үчүнчү күнү бөлмөмө келип алат. Эптеп бакырып, кыйкырып атып, кетирем. Көр-тирилик ушуну менен өтүп жатты.

Акыры айыпты мага оодарды

Жолдошум Москвадан келгенде болгонун болгондой айтып бердим. Бирок кайын атам, “мен тийишкен эмесмин өзү мага жыртаңдады” деп айыпты мага оодарып койду. Эмнегедир күйөөм мага болушкан жок. Атасына такыр сөз тийгизгиси келбейт. Балам үчүн чыдап, сабыр кылып жашадым.

Акыркысында катуу уктап кетипмин, шымымды чечкенге үлгүрүптүр. Кайра кыйкырып-өкүрүп, ызы-чуу салып, үйдөн кетип калдым. Өзүмө зирек болуп, уйкум сак болгон үчүн бир да жолу жаныма жакындаткан эмесмин. Күйөөмө, кайын эжеме айттым. Алардын айтымында кайын атам мени жаман атты кылыш үчүн атайын ушинтип жатыптыр.

Күйөөм бир жылда бир келет. Жанына кетип калайын десем, “атам-апам кары кишилер, оорукчан, ошолорду кара” дейт. Өзү да бул жака келип жашаганга шарт болбой турат. Иш жок, келселе ач калабыз.

Мен кандай чара көрө алам? Балдарымды жетим калтырбайын деп эле сабыр кылып, чыдап жүрөм.

Психолог Асель Баимбетованын пикири боюнча ар бир адам өз укугун жана коопсуздугун коргоого толук акысы бар.

“Кечиресиз, сиз кандай максат менен турмушка чыктыңыз эле? Мага сиз жөн гана бала төрөп, күйөөңүздүн ата-энесин караганга керектей эле сезилип жатасыз. Эгер мунун бардыгы сиз үчүн норма болуп саналса, анда ушундай жашоону уланта бериңиз. Ал эми туура эмес көрсөңүз анда күйөөңүз менен сүйлөшүңүз, өзүнүздү коргоңуз. Анын сиздин жана балдарыңыздын коопсуздугун камсыздоого кудурети жетпей жатса, өзүңүздү-өзңүз коргоңуз. Ушу кантип болсун?! Күйөөңүздү көрбөгөнүңүз аз келгенсип, кайын журттун үйүндө кордукка дуушар болуп жатасыз!” – дейт Баимбетова.  

Психологдун айтымында, ар бир адамда өзүн-өзү сактоо инстинкти болууга тийиш. Болуп жаткан маселени айтып жакындардан, ата-энеден жардам суроо керек. Кайын эне айтпа десе, айтпай жүрө берген болбойт.  

“Күйөөңүздүн башка бир туугандары барбы? Эмне үчүн алар ата-энесин каралашпайт? Болбоду дегенде алардан бөлүнүп, өз алдынча жашаңыз. Менин сизге аябай боорум ооруп, нааразычылыгым ашып-ташып турат. Балким, сиз өзүм бир нерсени туура эмес кылып жатамбы? — деп өзүңүздү күнөөлөп, жемелеп жаткан болушуңуз мүмкүн. Менин сизге айтаарым: “Сизде бардыгы жайында, ар бир адам абийирин сактап, өзүн коргогонго укуктуу. Болбоду дегенде эшигиңизге кулпу салып алыңыз.” – деди Асель Баимбетова.  

Юрист Нурислам Раимжановдун айтканына ылайык, бизде менталитет ушундай калыптанып калган, аялдар: “эл эмне дейт”, “уят”, “балдарды жетим калтыргым келбейт”, деп кордукка чыдап жүрө беришет, бул туура эмес.

“Тууган-урукка болушунча айткан турбайсызбы, бирок алар эч кандай чара көрүшкөн жок. Тилекке каршы буга чейин болгондорду тактоо, далилдөө кыйынга турат. Бирок, мындай көрүнүш дагы бир ирет кайталана турган болсо дароо милиция кызматкерине кайрылыңыз” – дейт юрист.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Апамдын көзүнө чөп салган атам “мендей акмак” болбо деди

Апамдын көзүнө чөп салган атам “мендей акмак” болбо деди

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.