AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Эненин куулугу 15 жашар кызын үй-бүлөлүү эркектин торунан сактап калды

Эненин куулугу 15 жашар кызын үй-бүлөлүү эркектин торунан сактап калды

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.3k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Францияда жашайм. Күйөөм француз, аты Марсель. Мекениме жаңы эле кондум. Күйөөм эртең келет. Экөөбүздү бул жакка жумушка чакырышты. Айылыма барардан мурун, шаарда турган кошуна эжеге жолуга кетүүнү чечтим.

— Алло! Ким бул?

— Эже кандайсыз? Мен шаардамын, жаңы эле учуп келдим. Үйдөсүзбү?

Жарым сааттан кийин үйүнө жетип келдим. Эже эч өзгөрбөптүр. 16 жыл мурункудай.

— Алтыным, супсулуу болуп кетипсиң го!

— Ооба, ачылып кеттим.

Каткырып күлүп чемодандарымды жерге койдум. Эже мурун биздин кошунабыз болчу. Кийинчерээк шаарга көчүп кеткен. Мен анда 15те элем. Кулинардык техникумда окучумун. Жасаган тамактарымды эже менен баласына алып барып даамдуу бекен же жокпу деп текшертчүмүн. Ошентип жүрүп ынак болуп кеткенбиз.

Атам – аскер адамы, үйдө турбайт. Апам да көп убактысын жумушта өткөрчү, анын үстүнө, менин ашпозчу болом деген тандоомду колдочу эмес, жасаган тамактарды жегенден чоочулап турчу. Андыктан, менде кошуна эжеден башка дегустатор жок эле.

Эже жумуртка менен колбаса кууруду. Көптөн бери мындай тамак жей элек жаным, уялбай тамактана баштадым. Бул учурда эже чет өлкөдөгү жашоомо кызыгып, ар нерсени сурап отурду.

Сөздөн-сөз чыгып өткөндөгү бир учурду эстедик.

— 2002-жылдагы жаңы-жыл эсиңдеби?

— Ооба, аны эч качан унутпайм го! Апам биринчи жолу жаңы жылды досторум менен тосууга уруксат берген.

— Шиш така, жалтыраган көйнөк кийип алып кеткенсиң.

— Ошондо сиз көп ичпе дегенсиз.

— Анан 2-январь күнү үйүмө маанайың жок кирип келгенсиң.

— Курбумдун байкеси артыман жүрчү. Ал отуруштан экөөбүз биринчи жолу өбүшкөнбүз. Көңүлсүз кирип келсем, сиз андан ары эч нерсе болгон жокпу деп сурагансыз. А мен балким кийинкисинде өзүмдү кармана албай калышым мүмкүн дегем.

— Ошондо аябай коркком. Ал деген 25 жаштагы, аялы бар жигит болчу. Сени канча жолу андан баш тартууга ынандырдым.

— Эсимде, мен аны сүйөөрүмдү, сизди эч нерсе түшүнбөй жатканыңызды айтып таарынгам.

Каткырып күлдүк. Ошол маалда эже мага бир чындыкты айтты. Уккан кулагыма ишенген жокмун.

Кыскасы, ал жаңы-жылдан бир-эки ай өткөндөн кийин эженин үйүнө шолоктоп ыйлап кирип баргам. Себеби, жигитим башка өлкөгө кетип жатканын кабарлаган. Эженин кучактап алып, ал экөөбүздүн бир түнүбүз эле бар экенин жана ал түндү аны менен чогуу тосоорумду айткам. Анан уктап калгам.

Ошол түнү эже апама барып, баарын айтып бериптир. Анан экөө план түзүшүптүр. Эртеси ойгонуп, жолугушууга даярдана баштадым. Ошол маалда эже мага сыртка чыгып бир аз сейилдеп келишимди сунуштады. Макул болдум. Эми бурулушка жеткенде апамдын үнү угулду. Артымды карасам бутун кармап жерде отурат. Чуркап бардым. Ташка чалынып бутун кокустатып алыптыр. Тез жардам чакырттык. Түнү менен жанынан чыкпай карадым. Ошентип акыркы жолугушуума бара албай калдым. Бүгүн гана апам ал күнү атайын жыгылып түшкөнүн билдим. Партизан апамдын жоругуна боорум эзилгиче күлдүм.

— Эже мен аны кийин көрбөдүмбү.

— Койчу?

— Ооба, бою кичинекей, таз, курсак байлаган киши болуп калыптыр. Эмнесин сүйдүм десеңиз? Сиздин айтканыңыз туура экен.

— Убакыт өткөндөн кийин бул окуяны күлүп эстейсиң дегенимби?

— Ооба.

Маалымат бул жерден алынды. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кызымды күйөөсү менен жаныма алып калганыма өкүндүм

«Калың бербейт экенсиң» деп кызымдын жигитин кууп чыкканыма өкүндүм

Кыздуу болгондон кийин аялымды сыйлап калдым

Таенеме жашоодон тажадым десем, сабиз, жумуртка алып чыкты. Сабак болчу окуя

Биринчи этек кирим келгенде апам ким менен жаттың деп урган

Депутат байке окууга өткөрөм деп алдап кыздыгымдан ажыратты

Кайын энем күйөөмдүн турсийин өзүм жууйм деп талашат

Аялымды каалабай калдым деген эркектер сөзсүз окушу керек

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Эмне үчүн үйдө отурган аялдын эмгеги бааланбайт?

Эмне үчүн үйдө отурган аялдын эмгеги бааланбайт?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.