AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Досторум "өзүңөн кичүү кызга үйлөнсөң башкарганга оңой" дешти

Досторум «өзүңөн кичүү кызга үйлөнсөң башкарганга оңой» дешти

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

«Досторумдун ою боюнча бир кыз менен сүйлөшкөн «скучно»

Айылда чоңойгон жигитмин. Мектепти аяктагандан кийин шаарга келип окууга тапшырдым. Жакшы деле окучу эмесмин, багым бар экен университетке өтүп кеттим. Ошентип, бирде ток, бирде ач болгон студенттик жашоо башталды.

Атам мени үйлөндүрөм деп саткан жылкысын төлөп бер деди

Учурда экинчи курсмун. Шаарды жакшы билип калдым. Дос күттүм. Бирок дале сүйлөшкөн кызым жок. Ушул жашка чейин кыз жандап баса элекмин. Айтып коеюн, тартынчаак жигит эмесмин.

Досторум бир эмес эки кыз менен сүйлөшөт. Мунун себебин сурасам, “кечке бирөө менен жүрө берген “скучно” болуп кетет”,-дешет. Кайра мени шылдыңдашып, сүйгөнүм жок экенин айтышат.

Кечээ дос балдар менен жолугуп жатакананын алдына шаурма жеп отурганбыз. Сөздөн сөз чыгып отуруп кыздар темасына келдик. Ишенесиңерби, досторумдун баары өздөрүнөн кичүү, билими жок кызга үйлөнөөрүн айтышты. Жигиттердин ою боюнча мындай кыздарды башкаруу оңой экен, анан дагы алар күйөөлөрү эки жакка басса дагы унчукпай үйдө күтүп отурушат имиш. 

Айтыңызчы, эмне үчүн досторум минтип айтышты? Кыздар менен таанышып жана болочок жубай тандап жатканда эмнелерди эске алышым керек?

Адис кеңеш берет

Тамара Воронцова, психолог

Азыр эркектер арасында мындай мода пайда болду: мен эркинмин, аялым балдар менен үйдө, каалаганымды жасайм, башкасын табам же экинчисин алам. 

Аялды үй кызматтары үчүн алгандай таасир калтырышат. 

Мындай тандоо эч кимге бакыт алып келбейт — өздөрүнө кошулуп балдары бактысыз. Алардын сөздөрүн жүрөгүңүзгө жакын кабыл албаңыз, балким айрымдары жөн гана сүйлөп жатышат. 

Кыздар менен дос катары сүйлөшүп, аларды жакшы билип, түшүнүүгө аракет кылыңыз. Нике тууралуу 30 жашка чейин ойлонбой деле койсо болот. Билим алыңыз, батирге акча табыңыз, каржы жактан бутуңузга туруп анан үй-бүлө куруңуз.

Атамдын туугандары «карыганда чалын эмнеге таштайт» деп апамды жемелешти

Эгер бир кызды катуу сүйүп калсаңыз, анда каалаган учурда үйлөнөсүз! Экөөңөр тең социалдык жактан тең экениңерге (бирок милдеттүү эмес), үй-бүлөсүнө, баалуулуктарына, максатына караңыз. Силер бири-бириңерди түшүнүшүңөр керек. Сиз жөн гана аял эмес, болочок балдарыңыздын энесин тандайсыз. Эң негизгиси — өмүр бою жаныңызда боло турган дос тандайсыз.

Досторуңуз ар дайым жаныңызда болбойт, мисалы ооруп калсаңыз, карызга батсаңыз ж.б. Ал эми аялыңыз эмне гана болбосун колуңузду кое бербейт. Эгер жигиттер туура жар тандашса, ажырашуу жана бактысыз үй-бүлөлөр аз болмок. Шашпаңыз! Жүрөгүңүз жана акылыңыз менен чечим кабыл алыңыз!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Апам күйөөмө идиш жуудуруп, тамак жасатат

Мени сүйбөгөн жигитти өз акчама эс алдырып келдим

Студенттер тууганыңардын үйүндө жашабагыла! Таежеси тажаал кыздын баяны

Эки бала менен кайда барам? Айтканыңды аткарам, бирок мени кууба, деп жалдырадым

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Коронавирустан коргонуу үчүн колду туура жууш керек экен. Бирок кантип?

Коронавирустан коргонуу үчүн колду туура жууш керек экен. Бирок кантип?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.