AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Чоң апам атамдын жаназасында эч кимди өкүртпөй койду

Чоң апам атамдын жаназасында эч кимди өкүртпөй койду

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул кыздын катында атасынан айрылып калганы тууралуу айтылат. Эскертүү: каармандардын аты өзгөртүлдү.

«Атамдын жаназасында айлана жымжырт болду»

— Алло, Айжамал!

— Тайке кандайсыз! Угуп жатам.

— Университеттесиңби?

— Ооба, азыр парага кирем.

— Сага Жоки баратат. Машинасында бир орун бар. Түш да тезирээк айылга келип кал.

— Эмнеге?

— Жоки баарын айтып берет. Сабыр кыл.

Төө -Ашуу. “Атаңдан айрылып калдың”. Үч сааттан бери бул сөз кулагымда жаңырып келатат. Кантип? Эмне болду? Эч ким жооп бербейт. Көз жашымды төгүп кетип баратам. Апама чалсам албайт. Атаааа!

Машина көчөбүздүн башына келип токтоду. Унаалардын жана элдин көптүгүнөн ары кире албай койду. Баары мени карайт. Бир-эки жеңем келип кучактап кетти. “Кызы келди”, шыбыраган үндөр. Боз үй көрүнө баштады. Бирок, эмнегедир ый угулбайт. “Тамаша болуп калса экен, тамаша болуп калса экен”, ичимен тиленип бараттым. Мына апам. Апааааа! Чуркап барып кучактадым. “Атаңан ажырап калдык кызым!”.

Боз үйгө кирдим. Атам жатат. “Ата, тур!”, түрткүлөп бакырып ыйлап жаттым. Бул учурда чоң апам келип, мени жулкуп тургузуп, “ыйлаба, атаңды акыркы сапарга татыктуу узаткың келсе, ыйлаба!” деди. Аялдарды карап, “силер да көз жашыңарды тыйгыла!”- деп чыгып кетти.

Молдо жаназа окуп бүттү. Демейдегидей эч ким өкүргөн жок. Чоң энем өкүргөндү бери кой, ыйлаганга тыюу салып койду. Атамды алып кетип жатышканда бирөө да үн чыгарбады. Айлана жымжырт.

— Апа! Ушинтип жөн эле карап тура беребизби?

— Чоң энең динде өкүргөн болбойт дейт.

— Баары бир макул эмесмин.

— Болду, кызым.

Бир ай өттү. Ушул убакка чейин атамды татыктуу жоктой албаганыма бушайман болуп келем. Айтыңызчы, динибиз каза болгон адамды жоктоп өкүргөнгө уруксат берген эмеспи? Бирөөнөн сурасам “берген” дейт, экинчиси “берген эмес” дейт.

Адис эмне дейт

Кадыр Маликов, теолог

Атаңыздан айрылып калганыңызга терең кайгыруу менен көңүл айтам. Билесизби, мурун адамдар жөн гана ыйлап койбостон, кошок кошушкан. Кээ бир убакта кошокто кудайды мазактоо катары каралган сөздөр кездешкен. Мисалы, “эмне үчүн бизди таштап кеттиң” , “кудай бизди жазалады” ж.б.

Бүгүнкү күндө, кээде ыйлаганга да тыюу салган аша чаап кетүүлөр болот. Ыйлоо – бул аза күтүүнүн белгиси. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) баласы Ибрахим каза болгондо көз жашын агызган. Андан эмне үчүн ыйлап жатканын сурашканда, ал, “чынында эле азап тартып жатсам, кантип ыйлабай коем”, — деп айткан.

Көз жашты агызып ыйлаганга шариятыбыз уруксат берет. Ал эми, кыйкырып, кошок кошуп, чачын жулуп туталанууга ж.б. тыюу салынат.

Чоң энеңиз өкүргөн болбойт деп туура айткан, бирок ислам боюнча ыйлаганга болот. Жакындарыбызды жоготуу чыныда эле оор. Бирок, биз адам өлүп, кудай аны өзүнө алып кеткени үчүн эмес, ажалы келгени үчүн, бул жашоодо аны экинчи көрбөй турганыбыз үчүн ыйлайбыз, бирок тиги дүйнөдөн жакшы ниеттер менен жолугабыз. Ажал баарыбызга жазылган.

Кудайга ишенген адамдардын көз жашы, кудайга ишенбеген адамдардыкынан эмнеси айрымаланат токтоло кетсек. Кудайга ишенбегендер тиги дүйнөгө да ишенбейт. Тактап айтканда, алар үчүн  өлүм менен баары бүтөт. Ал эми биз үчүн өлүм бул бир дүйнөдөн экинчи дүйнөгө өтүү. Биз жөн гана учурда ал адам жаныбызда жок экенине, өзүбүздүн өлүмүбүзгө чейин аны көрбөй турганыбыз үчүн азап тартабыз.

Демек, мусулмандар ыйласа болот, ал эми өлүмдөн кийин жашоого ишенбегендер өкүрүп, кошок кошушат. Көп учурда кошокторунда кудайды мазактаган сөздөр кездешет.  

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бир күйөөдөн чыкканымды билсе эле эркектердин оюу бузулат

Той өткөргөн кошунам 125 литр шорпосун көчөгө төгүп коюптур

“Казаныңдын карасы кантет” дегеним үчүн келинимден кечирим сурадым

Апамды жамандасам, чоң энем «биздин каныбыз» деп бетимден өпчү

Башкалардын аялына суктанып жүрүп, чүрөктөй келинчегимден ажырадым

Атам апамдын тузу өткөн тамагын мактап жейт

Уулду болгум келип кыздарыма жакшынакай ат койбогонум үчүн өкүнөм

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Апам байкемдин жуурканын мага ченеп тикти эле

Апам байкемдин жуурканын мага ченеп тикти эле, андан биринчи үйлөнүп калдым

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.